Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келүүгө документтер даярдалууда…

Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келүүгө документтер даярдалууда…

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полиция) билдирди.  Алардын айтымында, учурда аны алып келүү боюнча документтер даярдалууда. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо жөнүндө Азербайжан соту кечээ чечим чыгарган. 

Эскерте кетсек, А. Жунусовдун кармалганын алгач Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги жазып чыккан. Алардын айтымында, Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропортунан кармалган.

Башкы прокуратура июль айында бажы системасынын кызмат адамдарына «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган. Ал «2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда бул мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган» деп айыпталууда. Финансы полициясынын маалыматына ылайык, мындай аракеттердин айынан мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Финансы полициясы ага август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.