Даир КЕНЕКЕЕВ: «Учкун» ишканасын менчиктештирүүгө жол бербейбиз!”

Даир КЕНЕКЕЕВ: «Учкун» ишканасын менчиктештирүүгө жол бербейбиз!”

Бүгүн, 11-декабрда “Парламент” радиосуна бир кезде “Учкун” АККга жетекчи болуп кеткен, бүгүнкү депутат болуп Жогорку Кеңеште отурган Рыскелди Момбеков жана аталган коомдун азыркы жетекчиси Даир Кенекеев катышып, басмакана боюнча сөз кылганы боюнча ЖКнын басма сөз кызматы жазып чыкты. Ал төмөндөгүдөй.

“Муну иликтеп чыгуу зарыл”

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков басмакана боюнча мындай ойдо: “Бардык мамлекеттик иш кагаздары, өздүк документтер мамлекеттик басмаканада басылып чыгышы зарыл. Бул экономика үчүн да маанилүү. Мисалы, башка мамлекеттерде бардык иш кагаздарын мамлекеттик басмаканалар басып чыгарат. Ал тургай айрым өлкөлөрдө Улуттук банктардын алдында өздөрүнүн басмаканасы бар. Акчалар ошол жерде даярдалат. Жарандык паспорттун баасы 96 сом болсо, айдоочулук күбөлүктүн баасы 1300 сом турат, бул жерде чоң коррупциялык схемалар бар, күмөн санайм. Муну иликтеп чыгуу зарыл. Мен депутат болуп келгенден бери бул маселени бир канча жолу көтөрдүм. Сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек”.

“Вагон-вагон жүктөп келген көрүнүштөр бар”

Ал эми  “Учкундун” башкы директору Даир Кенекеев “Учкун” акционердик коомундагы мамлекеттин үлүшү 85,36 % түзөрүн билдирди. Анын ичинен 8% социалдык фондго которулат. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” 03.04.2015.  № 72 мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик маанидеги документтердин баары биздин басмаканадан чыгарылып турган. 3 жылда биз карыздарыбызды төлөгөнгө жетишкенбиз. Аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин атаандаштыкка туруштук бере алган жокпуз. Себеби, бүгүнкү күндө полиграфия рыногунда 200 дөн ашуун типографиялар иштейт.

Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга эле өлкөнүн бюджетинен 500 млн сом коротулат.  “Учкун ” ишканасын менчиктештирүүгө да кээ бир адам кызыктар болгон, бирок биз ага жол бербейбиз. Ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууда “Учкун” ААКнын дарамети жетиштүү. Бирок, ага карабай айрым китептерди чет мамлекеттерден бастырып, вагон – вагон жүктөп келген көрүнүштөр бар. “Буга 5 – класстар үчүн жазылган “Русский язык” китеби мисал”, — деди Д.Кенекеев.

Даир Кенекеевдин келгенин аз гана убакыт болду. Ошентсе да “Учкунду” бутунан тургузууга жан үрөп иштеп жатат. Толук маалымат алгыңыз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.