Гүлзат МАМЫТБЕК кызы: “Такыр үйлөнбөгөн испанецке турмушка чыкканы турам”

Гүлзат МАМЫТБЕК кызы: “Такыр үйлөнбөгөн испанецке турмушка чыкканы турам”

Гүлзат Мамытбек кызын баарыңыздар таанып бүттүңөр окшойт. Эми ал кыргызга эмес, испанецке турмушка чыгып жатканы боюнча  VB.KG сайтына билдириптир. Анын айтымында, болочоктогу жолдошунун аты-жөнү — Хуан Буэндиа (Juan Buendia). Ал испанец. Гитара, скрипка жана башка дагы инструменттерде жакшы ойнойт. Жашы 35те, ушул жашка чейин такыр үйлөнбөптүр. Бирок, Гүлзат тандаган саентолог дининде эмес экен, анткени менен саентологдорду жактырат имиш. Кесиби боюнча ал режиссер, бир тасма тартканга үлгүрүптүр. Келечекте “Оскарды” жеңип аларына экөө тең ишенет экен. Андан тышкары, алар чогуу Ысык-Көлдүн жээгине голливуд борборун курууну пландап жатышыптыр.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек кызы буга чейин социалдык түйүндөргө келечектеги күйөөсүн 40 пунктан турган критерий менен тандап аларын жарыялаган. Анын бири сөзсүз саентолог, кыргыз болушу керектигин жана өзүнөн көп акча тапкан түгөй издегенин баса белгилеп жазган эле. Саентолог эмес, кыргыз эмес, испанецке турмушка чыкканы турарын журналисттерге жарыялап жатат. Анан кантип бул кызга ишенип, артынан ээрчип жүрөсүңөр, туугандар?!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.