Бабановдун бүгүнкү билдирүүсү… (ВИДЕО)

Бабановдун бүгүнкү билдирүүсү… (ВИДЕО)

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов үн катты. Дегенибиз бүгүн айтылуу атабыз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү эмеспи. Улуу жазуучубузду унутпай өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, кымындай сөз менен эскерди жана аны менен түшкөн бала кездерден берки сүрөттөрүн видео түрүндө жайгаштырды.

Анын эскерүүсү: “Кыргызды даңазалаган Чыңгыз атабыз” деген аталыш менен башталган. Андан аркысын да өзгөртпөй өзү кандай жазса ошондой бердик. Ал мындай: “Акыл насааты, терең маанилүү чыгармалары, жаркын элеси биз менен дайыма бирге. Чыңгыз Айтматов бүгүн 90 жашка чыкмак.

«… адамды жек көрүү кемчилигин жок кылууга адамзатка дагы көп убакыт бар. Канчалык узак экендигин керек болсо, боолголоо оор. Ушунун баарына карабай, мен жер жүзүндөгү адилеттүүлүктүн жоюлбашы үчүн өмүрүмдү бере алам. Мына бул жолу да ал жеңип чыкты. Мейли баасы кымбат болсун, бирок ал жеңип чыкты».
(“Кылым карытар бир күн”)”,- деп, атабыздын китебиндеги үзүндү менен сөзүнүн аягын бүтүргөн.

ВИДЕО:

Бул видеосунан  (22 саат) мурда орус тилинде жазган. Ал төмөндөгүдөй:

12 декабря нашему Великому писателю исполнилось бы 90 лет!
Чынгыз Торокулович Айтматов наглядный пример того, как человек своим трудом и своим творчеством, не смотря на то, сколько бы его имя не пытались очернить, получил истинно народное признание.

Это человек, который прославил на весь мир наш народ и нашу страну – Кыргызстан! Который показал, что у кочевого народа есть свои таланты. Его книги – «Белый пароход», «Прощай, Гульсары!», «Первый учитель», «Джамиля», «Плаха» и другие, невозможно читать равнодушно…

«…долго еще предстоит людям изживать в себе этот порок
— ненависть к личности в человеке. Как долго – даже трудно предугадать. Вопреки всему этому ставлю я жизнь за то, что СПРАВЕДЛИВОСТЬ неистребима на земле. Вот и в этот раз снова восторжествовала она. Пусть дорогой ценой, но восторжествовала!»

(с) И дольше века длится день..

P.S. Архивные фотографии из нашего семейного альбома: приезд Чынгыза Торокуловича Айтматова в наше родное село «Грозное» Колхоз «Россия» 1978 г., где он принимал участие в открытии Грозненской Средней школы; фотографии с моим отцом Токтогулом Бабановым; 2004 год Чынгыз Торокулович с семьей у нас в гостях.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.