Экс-президент Роза Отунбаева Чыңгыз Айтматовдун айылына барып, кимди кучактап ыйлаган?

Экс-президент Роза Отунбаева Чыңгыз Айтматовдун айылына барып, кимди кучактап ыйлаган?

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бүгүн жарык дүйнөгө келген күнү. Көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак экен. Айтматовсуз ааламда жашап жаткан адамдар бир жыл бою (Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде) эскеришти. Айтматовго арналган иш-чаралар өткөрүлүп, даректүү тасмалар, фильмдер тартылып, китептер жарык көрдү.

Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. Бүгүн филармонияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага президент баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков  өз сөзүндө: «Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт. Улуттун руханий туу чокусуна айланган Чыңгыз Айтматовдун улуулугу жана феномени эмнеде? Чыңгыз Айтматов — кыргыз инсаны дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштыкта тең таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Чыңгыз Төрөкулович — кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо алаарын тастыктады.Айтматовдун улуулугу ушунда — бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалады. Ал чыгармаларында улутубуздун турмушун жазды, бирок биздин жашоо аркылуу глобалдык маселелерди койду”, — деди.

Ааламга чыккан атагы — айылы Чыңгыз атанын…

Атактуу жазуучубуз 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Бир жылдан кийин, 2009-жылы өзүнүн туулуп-өскөн Шекер айылы, туугандары ашын өткөрүп, эскеришкен. Ага белгилүү акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, журналисттер барышкан. Эскерүүдөн кийин, айылда калып, Айтматовдун туугандарынан, досунан, кинодогу каармандарынын балдарынан, китептерин кыргызчалап берген Ашым Жакыпбековдун да туугандары менен маектешкен элек. Бүгүнкү адабият күнүнө карата, эки залкар адам: Чыңгыз Айтматов менен Ашым Жакыпбековду эскерүүнү кайталап берүүнү туура көрдүк. Себеби, бу маекте белгилүү адамдардын белгисиз жактары айтылган. Баарлашууну Ашым Жакыпбековдун астанасын аттап баштаганбыз.

Ашым Жакыпбековдун куттуу үйүндө…

Чыңгыз Айтматовдун орус тилиндеги китептеринин көбүн орусчадан кыргыз тилине оодарган Ашым Жакыпбековдун туугандарына жолуга кетейин деген тилегим бар эле. Үйүн таап барып, туугандары менен таанышып, агайга, анын байбичесине бата кылып, бейитине чейин барып кайттым… Кеч кирип кеткендиктен, ал күнү айылда калдым.

Өз колу менен там салып, бак отургузган Ашым Жакыпбековдун айылдагы үйүндө иниси Илешбек Казиев үй-бүлөсү менен жашап, аны көздүн карегиндей сактап келет. Илешбек ага жана анын жубайы менен маектешип, Ашым Жакыпбековду эскердик. Ашым ага менен Илешбек ага эки бир туугандын балдары экен. Экөөнүн тең агалары согушка кетип, келбей калыптыр. Ниязбек уулу Өмүрбектин кемпири Сарыбай кызы Алмабүбү жолдошунан жаш калса да, турмушка чыкпай, эки баланы өз баласындай багып, үйлөнтүп-жайлантыптыр. Илешбек аганын жубайы акесин мындайча эскерди:

-Апам Ашым акемди шаардан чакыртып, там салдырып, бак тиктирип, үйлөнтүп, акылдуулук кылган экен. Биз баш кошкондон кийин, акем шаарга кеткен. Апам бир коюн союп алып, «балам шорпо шилең ичсин» деп артынан шаарга барса, акем ар кимге чалып, чакырып, эттин баарын бир күндө таратыптыр. Эртеси капуста менен шорпо ичип калгандарын айтып, күлүп да, күйүп да келген апам. Чынында эле акем ченебеген берешен адам эле. Айылга келгенде да жалгыз келбей, жанына жок дегенде эле он чакты адамды ээрчите келип, кой союп сыйлачу. Конок тоскону да бир кызык. Чакырган убактысынан кечигип келген коногуна кайра кой сойчу. Кыскасы, он адам кечиксе, он кой союлчу.

Акем 12 балалуу болуп, анын бири да токтобой, ырым-жырым менен кыз токтоп, анын атын Кымбат деп акем өзү койгон. Көп жылдан кийин Уланбек аттуу уулдуу болот. Турмуштан өз ордуларын тапкан бир туугандардын бири Бишкекте, бири Америкада. Уландын Америкага кетишине Чыңгыз Айтматов жардам берген. Уландын Муса аттуу баласы бар. Анын атын Азамат Алтай койгон. Андан кийин бир кыздуу болгон. Чет өлкөдө жүрсө да Уландын эне тилибизди унутпаганы бизди кубандырат. Ашым акем 1994-жылы бу дүйнө менен кош айтышса, өмүрлүк жары Кемпирбүбү Рыспаева узак оорудан кийин, 2004-жылы, 4-июнда көз жумган.

Айылда Ашым Жакыпбеков атында аталган бир нерсе барбы?

-Жок. Кара-Буурада өтүп аткан «Көк Бөрү» федерациясынын олимпиадасына келген Болот Шерниязов капысынан үйүбүзгө бата кылып келип бизди кубанткан. Ошондо ал киши да сен берген суроону бергенде, жок десек, аябай жаман болгон. Анан эшиктин алдына боз үй тиктирип, мал союп, дасторкон жайдырып, мектептин директору менен кошо мугалимдерди чакырган. «Эмне үчүн ушул убакка чейин залкар жазуучу, мыкты котормочу Ашым Жакыпбековго арналган бир бурч жок» деп собол таштаса, «каражат жок» деп жооп берди мектептин директору. «Канча?» дегенде «20 миң» деди эле, дароо эле айткан суммасын колуна карматты. Ошентип, Болот Эсентаевичтин жардамы менен мектепке акеме арналган бир бурч ачылып калган. Биз аябай ыраазы болгонбуз.

Ошентип, саат түнкү 22:00 болду. Аларга таң эрте кетээримди айтып, Чыңгыз Айтматовдун туугандарын сураштырсам, «айтып бергенче, барып келели» деп, Илешбек агабыз ээрчитип жөнөдү. Алгач Чыңгыз Айтматовдун 85 жаштагы агасы Байтик Тайсариев атанын үйүнө бардык.

Байтик ТАЙСАРИЕВ: «Чыңгыз атактуу болгону менен бой көтөргөн жок”

Журналист экенимди укканда эле: “Эскерүү кечесине ооруп бара алган жокмун. Тирүү болгондо, бүгүн 81 жашка толмок экен деп эстеп олтурдум” деп оор үшкүрдү. Бир аз тыным алгандан кийин, андан ары сөзүн улады: «Канчалык бийик болсоң, ошончолук кичик бол» дегендей, Чыңгыз атагы ааламга кеткени менен көпкөн жок. Баягы эле бала кездеги жөнөкөйлүгү менен өттү дүйнөдөн. Бир эле мисалды келтирейин. Бишкекке кайсы бир конференцияга чакырылып, президиумдан Чыңгызды көрүп калдым. Танаписте кол тамгасын алып жаткан элдин арасынан араң суурулуп чыгып, ага жолукканга аракет кылсам, жакындап калганда милиция көкүрөктөн түрттү. Мени байкап калган Чыңгыз: «кое бергиле, ал менин агам» деп жанына чакырып олтургузуп, «бул менин агам» деп ар бир кол тамга алган адамга мени тааныштырып жатты. Анын андай жылуу мамилесине ичимден ыраазы болуп олтурдум. Чыңгызым ушунчалык жөнөкөй, кичипейил адам болчу.

Жөнөкөйлүк балдарында барбы?

—Шаарда чоңоюп, чет жакта жүрүп, орус мүнөз болуп калгандыктан, алар каада-салтты билишпейт. Атасы, Чыңгызым каза болгондо өкүрүп келгендерге үн чыгарбай койбосун деп чочулап, катарларына кошулуп боз үйдүн жанында олтурдум. Эт тартылып, ага келген коноктор кирип жаткан. Бир убакта үчөө тең жок. Колго суу куйган балдардан сурасам, үйдүн ичинде тамак ичип жаткандарын айтышты. Коноктор менен кошо кирип, отуруп алышыптыр. “Ай, Аскар, мени таштап, кетип калганыңар эмне?” десем, “ну…” деп орусча сүйлөйт. “Аа кокуй, орус болуп калган турбайсыңарбы” деп Чыңгызымдын жөнөкөйлүгүн эстеп, ыйлагам… Чыңгызым улуу кишиден мурун үйгө кирчү эмес, төргө отурчу эмес. Улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган алтын адам эле.

Керимсейит ДОБУЛБЕКОВ: “Чыңгыздын сөөгүн айылга алып кетебиз дегенбиз”

—Сиз жакын иниси экенсиз. Кандайча тууган болосуздар?

—Биз эки бир туугандын балдарыбыз. Алар Тынаалыдан, биз Жанаалыдан тарайбыз. Чыңгыз менден жети жаш улуу болчу. Балалык кезин билбегеним менен, эр жеткен кезин жакшы эле билем.

—-Агаңыздын арбагына арнап, союлган жылкынын бирин союпсуз. Үйүңүзгө белгилүү адамдар конок болуптур. Кимдер келди?

— Эскерүү кечеге келгендерге эки жылкы, алты кой союлду. Туугандарга колдон келген жардамыбызды кылдык. Үйгө 30га жакын киши келди. Чыңгыздын уулу Аскар, карындашы Роза, анан Роза Отунбаева келди. Башкасын тааныган деле жокмун. Роза Отунбаева мени кучактап алып ыйлады… Эми Чыңгызымды эскерип олтурсам, бир күн да жетпейт…Чыкемдин акылман сөзү, жакшы аты элдин жүрөгүндө, жазган китептеринде калды. Тогуздап бээ союп балдарыбыздын атын Чыңгыз коюп ырымдасак да, бул Чыңгыздай боло албайт. Чыңгыз бир келди да, кетти. Кыргызды дүйнөгө таанытты, анын артынан Шекер айылы да дүңгүрөдү. Китептериндеги каармандарынын баары ушул айылдын жашоочулары. Бир гана Ысмайыл Көк-Сай айылында жашачу. Көлдөн, Кеминден келген куда, кудагыйларым Ысмайылды сурашчу. Өз көзү менен көргүсү келгендерди анын үйүнө алып барчумун. Байбичеси тамашалап көрүндүк сурачу…

——«Шекерликтер Чыңгыздын сөөгүн алып кетебиз” деп талашкан» дешет го…

— Ал мындай болгон. “Каза болду” дегенди телевизордон угуп алып, эртеси эрте Байтик агам, айыл имамы жана башка туугандар Бишкекке жөнөп кеттик. Эрте барып алыппыз, үч күн сөөгүн күттүк. «Гробдо жатат» деген сөздү укканда «эмне, орусча коюлуп калабы?» деп чочулай баштадым. Германиядан сөөгү келгенден кийин, айылга алып кетебиз десек, «атамдын жанына койгула деген аманат-керээзи бар» дешти. «Бул жерде бир атасы болсо, айылда жети атасы бар. Айылга алып кетем» деп айтканым чын. Акыры ынадык. Тууган дегенден айланса болот. Майрам сууга алып, жерге койгонун да шекерлик туугандары мойнуна алып, тикесинен тик турушту… Мына бүгүн да айылында эскерилди. Чыңгыздын арбагы ыраазы болсун.

Сейталы БЕКМАМБЕТОВ: «Жамийла жеңеси менен жолугууну суранган”

Классташы да, курдашы да, сырдашы да Сейталы Бекмамбетов ата экен. “Бир күндө эмнени айтам, бир жума жүрсөң го көп нерсени айтып бермекмин. Анткени, Чыңгызды менден артык билген киши жок” деп кейиди. Чынында эле биз билбеген көп нерсени айтып берип, ачылыш жасады.

 —-Чыңгыз экөөбүз 8 жаштан 80 жашка чейин дос болдук. Бир «сен, мен» дешкен жокпуз. Тогуз бала дос элек, биринчи кеткен жетөөсүнөн кийин, Чыңгыз да кетип, жалгыз калдым. Досум өлөөрүн билгенби деп ойлоп кетем. Себеби, кызыктай бир окуя болгон. Былтыр 24-апрелде мени шашылыш үйүнө чакыртыптыр. Чыңгызга жолугарымдан кабардар болгон райондун акими: «80 жылдык тойду өзү менен сүйлөшүп, планды чогуу түзсөк жакшы болоор эле» деп суранып калды. Мейли деп, чогуу бардык. «Кино үйүндө» күтүп жаткан экен. Амандашкандан он мүнөттөн кийин, «Секе, мени Ак үй чакырып жатат. Үйдү болсо билесиң. Силер бара бергиле. Чай ичкениңерче барып калам» деп калды. Өзү айткан убакта артыбыздан барып калды. «Чыке, деги тынччылыкпы? Мени эмне чакырдың? Айтчуңду айт, биз кетели» десем, «Калып эле кеткиле, эт салдырып койдум. Секе, сага орус камырынан беш бармак берем» деп тамашалап калды. Анан көпкө чейин ар нерсени эске түшүрүп, баарлашып олтурдук. Аким экөө 80 жылдык тойдун планын түзүштү. Антип-минткенче эле кечки саат 11 болуп кетиптир. Мени сыртка алып чыгып, үйүнөн үч метрдей нары басып барып, балалык кезибизди эскердик. Апамдын курутун уурдаганыбызды, коонго уурулукка барганыбызды айтып, «Балалык» деген китебине кол тамгасын коюп, «мунун ичинде сен дагы барсың. Үйүнө барганда окуурсуң» деп колума тапшырып, эки бетимден өөп, бекем кучактап, ыйлап жиберди. «Ой, сен эмне, 80 жашка чыгып жатканыңа капа болуп жатасыңбы?» десем, «Балалык күндөрүмдү эстеп, эрергип кеттим»,- деди.

Эртеси биз айылга жөнөп кеттик. Баягы китебин үйгө келип окусам, «Сейталы директорлукка салып, үстөмдүк кылып, мени эки жолу суудан көтөртүп өттү» деп жазылган жери бар экен. «Көркөмдөп жиберипсиң. Качан ошондой болду эле? «үстөмдүкө салып» дебей, жөн эле жазбайт беле?» деп айтайын дегенче, бу көзү өтүп кетти. Көрсө, баягы баарлашуубуз акыркысы экен.

Сөөгүн коердо калемдеш досу Муктар Шаханов келбеди беле. Ошондо ал мени четке алып чыгып, «Чыңгыз өлөөрүн билген»,- деди. «Кандайча?» десем, «Казакстанга барганда, мейманканага жатам дегенине карабай, үйгө алып барып, коноктоп, кондуруп койгом. Ошондо «мен быйыл силер менен чогуу болбой калат окшойм» деген»,- дейт.

Андан ары Татарстанга баргандагысын байбичеси айтып бергени бар. Ал жактан да «балдарды чакыр, айтар сөзүм бар» дептир. Аскар менен Элдар чогуу барса керек. Аларга: «Балдарым, кокус көзүм жумулуп кетсе, Ата-Бейитке, атамдын жанына койгула» десе, балдары боппоз болуп отуруп калыптыр. Чочуп кеткен байбичеси: «Эмне деп жатасың, балдардын эсин чыгарып…» десе, «Ээ, байбиче, эртеби, кечпи, кетебиз. Кандай болгон күндө да балдардын кулагына салып коеюн дедим» деген экен. Ушул үч окуясы жөн жерден окшош чыкпайт. Чыңгыз жөн адам эмес, ага Алла Таала түшүндө аян берсе керек деп кетем.

—«Балалык» деген китебинде «бир аз көркөмдөлүп кеткен» деп айттыңыз. А чыны кандай болуш керек эле?

— Согуш учурунда айылдагы эр-азаматтын баары согушка кетип, эч ким калбай калганда, мектептер жабылып калбасын деген ниетте бизди эки айлык курстарга окутуп, окутуучу кылып коюшкан. Мен мектеп директору, Чыңгыз орус тилинен мугалим болчу. Күркүрөө суусун жайында кечип, алмак-салмак бири-бирибизди көтөрүп өтчүбүз. Жээкке чыккандан кийин экөөбүз чүкө ойноп кетчүбүз. Аны көрүп калган апам муштумун түйүп, чакырып: «Директор менен мугалим да чүкө ойночу беле? Окуучуларыңар терезеден карап турбайбы» деп урушаар эле. Азыр ойлосом, өзүбүз деле бала экенбиз… Анда биз араң 7-классты гана бүткөнбүз.

Чыңгыз экөөбүздүн ортобузда бир көрпө, бир тебетей, бир бут кийим болоор эле. Районго кимибиз бара турган болсок, ошобуз кийип жөнөп калчубуз. Ал дайыма биздин үйдө сакталаар эле…

——Чыгармаларында «өзүнүн турмушун да чагылдырган» дешет. «Жамийла» аттуу чыгармасындагы Сейит өзү турбайбы. Ошондогу жакшы көргөн жеңесин кийин деле «бир көрсөм» дегени чын беле?

—Чыңгыздын чыгармасынын дээрлик көбү турмуштан алынып жазылган. Жамийла жакын жеңеси болчу. 63-жылы, жаңы эле Лениндик сыйлыктын лауреаты болуп айылга келген. Анан «Жамийла жеңем азыр кайда болду экен? Сен билбейсиңби?» деп сураганда: «Билем» десем, «жолуктурууну уюштуруп берсең жакшы болот эле» деп калды. Жеңесине барсам, «кантип барам? Баланын бетин кантип карайм?» деп болбойт. «Балаңдын шагын сындырып коесуң» деп атып араң алып келдим. «Жеңе, кандайсыз?” дегенде эле Жамийла ыйлап жиберди. «Коюңуз жеңе, муну керегиңизге жаратып алыңыз» деп чөнтөгүнөн бир бутам акча сууруп сунду эле, Жамийла кетенчиктеп болбойт. «Балаңдын назарын сындырба! Ал берген нерсени…» деп атып араң бергенбиз.

——Агай, «Чыңгыз аганын чыгармаларынын көбүн кыргызчалаган Ашым Жакыпбеков» деп айтылып келгени менен ал кишинин аты аталбай келет.

— Чыңгыздын чыгармасында Ашымдын мээнети кү..ч. Аны мен окуткам. .Кичинекейинде коркок бала кийин кара сөздүн чебери болбодубу. «Манас» эпосун эч ким кара сөз менен жазган эмес. Ашым жөнүндө айтылчу сөздөр али алдыда…

“Бетме-беттеги” Ысмайылдын кызы Акбар атасы менен сыймыктанып…

Түн кирип кеткенине карабай, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандарынын бала-чакаларын сурасам, “Бетме бет” аттуу китебиндеги Ысмайылдын үйү бар экендигин айтты. Үйүнө барсак, Акбар Сейталиева аттуу кызы бар экен. Өтө жөнөкөй айым атасын сыймыктануу менен эскерип берди.

—Биздин угушубузга караганда, атаңыз Чыңгыз атага нааразы эмес, ыраазы болгон турбайбы. Эмнеге?

—Ооба, чын. “Мени Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанытты” дечү. Элден укканым боюнча, атам Чыңгыз агага жолугуп, колун кармаган экен. Залкар жазуучубуз 50 жылдыгы белгиленип айылга келгенинде, атам учурашайын деп алдын тосуп чыгат. Жанына жолотпой милициялар алтын тосот. Анан Чыңгыз ага: «Кое бергиле, бул менин — Ысмайылым» десе, милициялар да, журналисттер да таңгалып карашып, «тирүү турбайбы» деп сүрөткө аябай тартышыптыр. Ошондо да “мени аябай сүрөткө тартышты” деп сүйүнүп келген. Чыңгыз ага атам менен амандашкандан кийин, «Эмне керек болуп калды?» десе, «Сен мени ууру кылып дүйнөгө тааныттың. Ошондон уламбы, айтор, мени пенсияга чыгарбай жатышат. Пенсияга чыгарып кетчи» деп суранган экен. Чыңгыз аба убадасына туруп, тиешелүү жерге айтып кеткен экен, алар аганын сөзүн эки кылбай, аткарышыптыр.

—“Бетме беттеги” тасмадан атаңарды көргөндө арданган жок белеңер?

—Жок. Кайра кинодогу нерселерден сурап калчубуз. Атамдан бир жолу жашынган үңкүрү жөнүндө сурасак, айтып бергени эсимде. Чыңгыз аганын «Бетме-бет» чыгармасы боюнча киного тартыларда кинорежиссер, сьемка тобу атамды атайы издеп айылга келишиптир. Жашынган үңкүрүн сурашкан экен, атам ошол жерге алып барып көрсөтүп бериптир. «Мен жашынып жүргөндө үч эшиги бар эле. Бирөө бет маңдайымда, экөө эки капталында. Кадимки эле үйдөй болчу. Эки капталы бүтөлүп калган турбайбы» деп элди күлдүрүптүр.

—Эмнеге уурулук кылганын сурады белеңер?

—Атамдын кылык-жоругун элден көп угам. Атам көп жыл камакта болду. Мен бир балалуу болгондо келди. Ошондуктан, эч нерсесин сурап деле калбаптырмын. «Өз оозунан угуп жазып калсам болмок экен» деп өкүнүп калам. Ошентсе да, теңтуштарына айтып калгандарынан кулагым чалып калгандары эске түшө калат. «Мен өз кызыкчылыгын көздөгөн ууру эмес, элди баккан ууру болгом. Ачарчылыкта баласынын этин жеген кишилерди кезиктиргем. Бир тууган эжемдин кунажынын союп, аларга алып барып берген күндөрүм болгон…» дегени, «Кинодо бир аз бурмаланып, туура эмес тартылган» деп айтканы эсимде…

Соңунда…

Ошентип таң атты. Бишкекке кетээр кез келди. Мен да бул үй-бүлөгө ыраазы болуп жөнөп кеттим. Машинага отуруп, айылдан чыгып баратканда:

«Үзүктөй өмүр үзүлсө,

Сызыктай тамыр сызылып.

Атамдай айкөл бул аалам,

Алкымда турду кысылып…» деген Каныбек Иманалиевдин жоктоо ырынан саптар эске түшүп, эки залкардын айылына дагы кайрылып келем деген илгери үмүт менен Шекерден узадым.

9 жыл өтүптүр…

Ошондон бери 9 жыл өтүптүр. Азыр жогоруда баарлашкан адамдарым барбы, жокпу, билбейм. Ушунча жыл өтсө да, ошол адамдардын адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, жаркылдаган элеси көз алдымда турат. “Ааламга чачкан атагын, айылы Чыңгыз Атанын” деген жазуу менен Шекер айылы тосуп алган жерге аманчылык болсо келаткан жылы барарбыз, залкар адамдарды дагы-дагы жазарбыз. Эсен болуп, эстей жүр, бир боорум!

Назира СААЛИЕВА 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.