Бермет Акаева турмушка чыгыптыр. Кимге дебейсиңерби?..

Бермет Акаева турмушка чыгыптыр. Кимге дебейсиңерби?..

Швейцарияда чыккан Cote журналынын ноябрь айындагы номеринде экс-президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева белгисиз бир адам менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, анын алдына “Мадам Бермет Акаева күйөөсү менен” деп жазылган. Башка эч нерсе жок. Чет өлкөлүк журналисттер жөн жазбаса керек, демек, турмушка чыкканы чын.

Эскерте кетсек, Бермет Акаева казак ишкери Адил Тойгонбаевге турмушка чыккан. Эки баласы бар. Бир кездеги бактылуу үй-бүлө революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кетишкен. А.Тойгонбаевге коррупция боюнча айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган. 2016-жылы ал Дубайда кармалып, камалган, бирок, күрөө (залог) менен бошонуп кеткен. Кыргызстандагы сот аны сыртынан соттоп, 20 жылга кескен.

Бермет Акаева күйөөсү Адил Тойгонбаев менен ажырашканы боюнча маалымат эч жерде жок, өзү да ал боюнча комментарий бербей, сыр кылып келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.