Өмүрбек Текебаевдин ооруканадан ары абакка эмес, үйүнө чыгышын талап кылалы!

Өмүрбек Текебаевдин ооруканадан ары абакка эмес, үйүнө чыгышын талап кылалы!

ЖКдагы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирүүсүнө караганда, “Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн абактан ооруканага которулган.

Бүгүн консилиум болуп, Өмүрбек Чиркешовичке аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлуп, Улуттук кардиология борборуна которулду, — дейт А. Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев быйыл 31-июлда №47 абактан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган. Августтун аягында онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуш кылышкан, бирок саясатчы ага макул болбой койгон. Анын дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу ал 14-сентябрда кайра ооруканадан №47 колонияга которулган.

Ооруканадан үйгө карай ак жол!

Эми минтип бүгүн кайрадан ошол эле ооруканага которулуп отурат. Эч күнөөсү жок, жалган жалаа менен темир тор артында ак жерден отурган Өмүрбек Чиркешовичке бүгүнкү бийлик көрмөксөн, билмексен болууда. Ооруканадан чыкканда үйүнө барышын талап кылалы, туугандар!

Ал эми Өмүрбек Чиркешовичке Кудай күч-кубат берсин. Тезирээк сакайып, ооруканадан куттуу үйүнө чыгып, үй-бүлөсү менен Жаңы жылды чогуу тосуусун каалайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.