Уурдалып, сабалып, укол салынган жабырлануучу… (ВИДЕО)

Уурдалып, сабалып, укол салынган жабырлануучу… (ВИДЕО)

Кечээ кечинде (12-декабрда) «кытай сабады» деген видео алгач «Фейсбукка» тарап, анан Ютубка коюлуп, ал коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Жабырлануучу баланын жанында турган аксакал сабагандар кытайлар экенин айтып, мындай көрүнүшкө чара көрүп берүүнү өтүнүп президентке кайрылуу жасайт.

Милициянын билдирүүсүндө…

Ал видео боюнча бүгүн Чүй ОИИББ билдирүү таратты. Алардын айтымында, 12-декабрда болжол менен саат 23:00 чамасында Жайыл РИИБге жергиликтүү аймактык ооруканага Кара-Балта шаарынын тургуну, 35 жаштагы  М.И. аттуу жаран “Жүзүндө, эки колунда көптөгөн кесилген жаракаттар, башында тактары бар” жаракаты менен жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барышып, жабырлануучудан арыз алышкан.

Жабырлануучу уурдалып, сабалган…

Жабырлануучунун айтымында, ал 10-декабрда болжол менен саат 18:00 чамасында үйдөн чыкканда ага 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам келип, күч колдонуп, ак түстөгү “Тайота Виндом” машинасына отургузушуп, белгисиз жакка алып барып, колдорун байлап, курч буюм менен жараттарды келтиришип, моюн тарапка укол сайышып, Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине
таштап кетишкен.

РИИБ: «Кылмыш иши козголду»

Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (Адамды уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. “Бул окуяга чет өлкөлүк жарандардын тиешеси бар деп так кесе алдына ала айтууга болбойт, ошол себептүү кылмыштын ким тарабынан жасалгандыгын тергөөнүн жүрүшүндө гана аныктала тургандыгын белгилейбиз. Учурда Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатта иш жүргүзүүдө”,-дейт РИИБ.

ВИДЕО:

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.