Кызматтан кеткен Калилов кимден кечирим сурады? (ВИДЕО)

Кызматтан кеткен Калилов кимден кечирим сурады? (ВИДЕО)

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн кызматтан кеткени боюнча Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Кызматтан бошогонун Ж.Калилов да танган жок. Ал мындай чечим эмне үчүн болгонун видео аркылуу түшүндүргөн. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Кечээ, 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жамшитбек Калиловду ордунан тургузуп алып, “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган анын орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ишти айтып ачууланган. “Мен болсом, тергөө учурунда мен кызматтан четтеп турайын деп арыз жазмакмын”,-деп, анан премьер-министр М.Абылгазиевге кайрылып, иштен четтетип турууну тапшырган.

Президенттин айткандары бу ВИДЕОдо:

Пара алган адам камакта

Жогоруда «пара алган» деп сөз болуп жаткан адам — Азимжан Жусубалиев. Ал Транспорт  жана жолдор министринин орун басары болуп турганда, 8-декабрда кармалып, тергөө аяктагыча УКМК тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. А.Жусубалиевдин 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК  билдирген. Алардын билдирүүсүнө таянсак, Жусубалиев акчаны түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Нарын облусундагы бөлүгү үчүн тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.