Өмүрбек БАБАНОВ: “Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам”

Өмүрбек БАБАНОВ: “Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам”

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов кечээ (15-декабрда) «Фейсбуктагы» өздүк баракчасы аркылуу жалпы ММК өкүлдөрүнө өтүнүч менен кайрылды. Анда мындай жазылган: “Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары. Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.

Тилекке каршы, кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.