ШОК: Туура эмес намаз окугандыгы үчүн 5 жаштагы бөбөктү токмоктоп, өлтүрүп койгон өгөй ата

ШОК: Туура эмес намаз окугандыгы үчүн 5 жаштагы бөбөктү токмоктоп, өлтүрүп койгон өгөй ата

Мындай жүрөк ооруткан маалыматты NUR.KZ. сайты жазып чыкты. Алардын айтымында, бул кайгылуу окуя Казакстан мамлекетинин Шымкент шаарында болгон. 5 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип Атырауск областынын тургуну, Шымкетте медреседе окуган 22 жаштагы жигит кармалган. Наристени өлгөнчө сабаган бу канкор наристенин өгөй атасы болгон. Анын кандуу колунан көз жумган наристенин туугандары буга ишене албай турган чагы. Алардын айтымында, ал балага жакшы мамиле кылчу. Муну алар анын өтө динге берилип, аша чаап кеткендигинен көрүшүүдө. Ал наристеге намаз окууну талап кылган, 5 жаштагы бөбөк аны түшүнгөн эмес. Ошол күнү намазды туура эмес окугандыгы үчүн наристени токмоктоп, бир канча жолу муштаган. Чоң муштумдан бөбөк эсин жоготуп жыгылып, оор абалда ооруканага жеткирилип, көз жумган. Медиктердин айтымында, баланын боору менен көк боору айрылып кеткен жана кан сыртына чыкпай ичине уюп калган. Ошондон улам, наристенин өмүрүн сактап кала албай калгандарын капаланып айтышкан.

Оюнкараак балакай аны укпай койгондугу үчүн жана намазды туура эмес окугандыгы үчүн андан аеосуз таяк жеп, көз жумган баланын өгөй атасы азыр камакта, териштирүү жүрүүдө. Муну уккан эл шок болуп, ага катуу жаза берилишин талап кылып, социалдык түйүндөргө жазууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.