Аида Салянова сайт ачты

Аида Салянова сайт ачты

Экс-депутат, мурдагы баш прокурор Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин, максаттаган долбоорун ишке ашырып кеткен. «Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор» компаниясын жайында ачып, укуктук сабаттуулукту жоюну көздөп, жарандарга пайдабыз тийсе деген аруу тилек менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматка даярдоо курсуна мыкты адистерди алган. Күз өтүп, кыш келди. Канчалаган карьералык өсүүгө умтулган жаштар жана ар кайсы курактагы жарандар курстарга барып, ырахматын айтып чыгышууда.

Эми минтип бүгүн компаниянын сайты ачылып отурат. Ал жакшылыгын Аида Салянова “Фейсбуктагы” өздүк баракчасына бөлүштү. Анда ал: “Урматтуу достор! Биздин компаниянын сайты иштей баштады. Керектүү маалыматтын баарын ушул жерден алсаңыздар болот!”,-деп жазып, сайтты жарыялады. Сайтка баш багам десеңиз мына: www.salyanova-asid.kg

Аида Жеңишбековнага ийгилик каалайбыз жана келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайбыз. Келаткан жыл жемиштүү жылдардан болсун!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.