“Эл шайырлары” тобунун ырчысы Дүйшөнбек Үкүев каза болду

“Эл шайырлары” тобунун ырчысы Дүйшөнбек Үкүев каза болду

КРнын эмгек сиңирген артисти, Улуттук филармониядагы А.Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун ырчысы, обончу, 50дөн ашык ырдын автору Дүйшөнбек Үкүев 71 жашында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү кичи мекени Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылына 18-декабрь күнү коюлат.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.