Кенжебек БОКОЕВ: “Бабановго буйрук берген адам жоопкерчиликке тартылышы керек!”

Кенжебек БОКОЕВ: “Бабановго буйрук берген адам жоопкерчиликке тартылышы керек!”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалынан сүйүктүү журналисти Канат Каниметовду хан сарайына (10-декабрда) чакырып алып, өзү жөнүндө социалдык тармактардагы болуп жаткан сөздөр боюнча маек куруп берген. Анда көп нерсени мойнуна алган болчу. Анын арасында Өмүрбек Бабанов жөнүндө да суроо болуп, ага шайлоодон кийин тынч саясаттан кеткенине ыраазы болгонун, шайлоо учурунда аларга алданып калганын айтып күлгөн. “Бабанов мага, С.Жээнбековго ишенип, алданып калды”,-деген. Анан ага кылмыш иши токтошу керектигин баса белгилеген.

Ошондон бери Бабановдун шайлоочуларына, тарапташтарына, партиялаштарына жан кирип, аны колдошууда. “Атамбаев мойнуна алды, аны жоопко тартуу керек!”, “Бабановду колдоо” комитетин түзүү керектигин талап кылышууда. Ал талапты ЖК депутаты, Ө.Бабановдун эң жакын досу Кенжебек Бокоев да тастыктады.

-Экс-президент Атамбаевдин Өмүрбек Бабанов боюнча айткан сөзүнөн кийин жер-жерлерден биздин партиялаштар жана санаалаштар телефон чалышып: “Бабановду колдоо” комитетин түзүүнү талап кылып жатышат. Биздин шайлоочулардын сунушун биз сөзсүз эске алабыз жана Өмүрбек Токтогуловичтин ишин аягына чыгарабыз. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, акыры чындык билинип олтурат. Экс-президент өз сөзүндө Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши заказ экенин мойнуна алды. Ага козголгон кылмыш иши саясий заказ экени ачыкталды, эми толугу менен жабылышы керек! Чыгаан саясатчы, президенттик шайлоодо элдин көпчүлүк добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз козгону үчүн ошол кездеги укук коргоо органдары жана тергөөчүлөр жана ошондой эле буйрук берген адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек! Өмүрбек Бабанов шайлоодо оппозициялык блоктон чыгып, административдик ресурс колдонулуп, бир топ мыйзам бузуулар болгонуна карабастан 600 миңге чукул добуш алган, шайлоодон кийин кыжырланып, митинг, нааразычылык акцияларга чыгууга даяр болгон шайлоочуларынын демин басып, өлкөнүн стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын ойлоп, калкты экиге бөлүп-жаруу болуп кетпесин деп үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде өлкөдөн чыгып кеткени аныкталды”,-дейт К.Бокоев.

12-декабрда парламентте Өмүрбек Бабановго мыйзамсыз козголгон кылмыш иши боюнча маселе каралмак, ал негедир болгон эмес. Анда убакыт тартыш болуп калганын депутат Кенжебек Бокоев айтты. Ушул жумада каралса керек. Накта депутаттардын жүзүн көрөбүз, эмне дешээр экен? Дегеним, эми туура сүйлөшөөр, анткени, азыр Атамбаев жок го…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.