Кылычбек СУЛТАНОВ: “Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандат кайтарылып берилиши керек!”

Кылычбек СУЛТАНОВ: “Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандат кайтарылып берилиши керек!”

“Супер инфо” гезитинин негиздөөчүсү, ээси, Кыргызстандын Корея республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына Өмүрбек Текебаев боюнча оюн жазып чыкты. Анын жазганын эч өзгөртүүсүз бердик. Ал төмөндөгүдөй.

Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин кезинде түрмөдө 9 ай отурду. Ал эми азыркы бийликтин учурунда отурганына 13 ай болуп калды. Демек, жоопкерчилик Жээнбековдо көбүрөөк… Жээнбеков өзү айткан адилеттиктин негизинде Текебаевди бошотсо, анда жөн эле бошотпостон Текебаевдин абакта отурган ар бир күнү үчүн компенсация төлөттүрүп, мындан сырткары Текебаевдин камалуусуна тиешелүү ар бир адамга чара колдонушу керек. Мунун ичинде Жээнбеков өзү бийликке келгенден кийинки Текебаевдин камактагы ар бир күнү үчүн да жоопкерлерди аныктап, жазасын бериши керек…

Текебаевге моралдык жана материалдык компенсациялардан тышкары депутаттык мандат да кайтарылып берилиши керек…

Жогорудагы шарттар – эгерде Текебаевди Жээнбеков бошотсо. Ал эми бошотпосо… анда Текебаев акыр аягы баары бир боштондукка чыгат. Бирок Жээнбековдун жоопкерчилиги азыркыдан да оор болот. Канчалык оор болорун мезгил өзү көрсөтөт!

P.S. Мындай принцип азыркы учурдагы адилетсиздиктин ар бир курмандыгына иштеши керек”,-дейт К.Султанов.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.