Мамлекеттик, жеке менчик мекемелерге хиджапчан кирүүгө тыюу салынды

Мамлекеттик, жеке менчик мекемелерге хиджапчан кирүүгө тыюу салынды

Мындай мыйзам Кыргызстанда эмес, Тажикстанда кабыл алынды. Тажик бийлиги мамлекеттик жана жеке менчик мекеме-ишканаларга хиджапчан кирүүгө мыйзамдын негизинде тыюу салуу чечимин кабыл алынды.

Тажикстан биринчи жолу хиджап кийүүгө мыйзамдын негизинде чектөө салууга аракет жасоодо. Буга чейин бийлик эл арасында түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп, хиджап кийүү – улуттук каада-салтка жат келерин билдирип келген.

Тажик бийлиги хиджап, сатр, бурка жана башка кара түстөгү чүмбөттөлгөн кийимдерди кийүүгө тыюу салып келет. Укук коргоочулар жана тажик аялдары мындай чектөөлөр жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатканын айтышат.

Бул мыйзам долбоорун Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитети демилгелеген. Комитет Тажикстан Башкы прокуратурасына жөнөткөн катында бардык административдик имараттара хиджапчан кирүүгө мыйзамдын негизинде тыюу салууну сураган. Башкы прокуратура бул билдирүүнү президенттин аппаратына жөнөткөн. Анын негизинде Улуттук мыйзам чыгаруу борборунун алдында мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.