Мектептин полдору түшүп баштаптыр… (ВИДЕО)

Мектептин полдору түшүп баштаптыр… (ВИДЕО)

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылындагы мектептин полу ачыла электе түшүп жатканы тууралуу социалдык тармактарга видео тарады. Аны аталган айылдын жашоочулары таратып, “мектеп ачыла электе эле полу түшүп жатат. 6 жыл болду” деп видеодо сүйлөгөн балдардын үнү угулат. Басып бараткан бирөөсүнүн буту полго кирип кетет… Ал эми Билим берүү министрликтин ММКларга билдирүүсүнө караганда, алар “ал жерде балдар окубайт” деп гана жооп кайтарышкан.

Калинин айылындагы эски мектептен жарака кеткендигине байланыштуу ал 2013-жылы жабылыптыр. Окуучулар билимин улантуу үчүн үйүнөн, бала бакчадан, палаткада окушкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.