Сулайманов элден, бизнестен алыстагандыгын, кошоматчылардын катарын толуктаарын айтыптыр…

Сулайманов элден, бизнестен алыстагандыгын, кошоматчылардын катарын толуктаарын айтыптыр…

Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна барып маек бергенде көп нерсени ачык айтып бериптир. Мисалы, парламентте отурган кошоматчылардын арасында өзү да бар экендигин танбаптыр. “Мен өзүмчө башкача боло албайм. Чочуй турган эч нерсе жок. Бизнес менен алектенген да жерим жок. Бирок команда же башка нерсе үчүн ушундай кырдаалдар жаралып калышы мүмкүн. Биз муну танган болсок калп айткан болобуз», — дейт Сулайманов.

Андан тышкары, ал парламентке 120 депутат көптүк кыларын, аларды 60ка кыскартыш керектигин айтыптыр. «Бүгүнкү парламент алсыз дегенди моюнга алуу зарыл. Жогорку Кеңеште катуу кыйкырып, сындоо менен парламент иштеп жатат деп айтуу кыйын. Көпчүлүк депутаттар эл менен жолукпай калган. Мен дагы эл менен жакынмын дегенден алысмын. Жарандар депутаттар аткара албай калган тапшырмаларды берет. Аны аткара албаган депутат кайра айылдарга баруудан тартынат», — дейт эл өкүлү.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.