Даниел КАДЫРБЕКОВ: “Текебаев, Бабанов боюнча «сот гана чечет» дегени, президенттин “эч нерсени өзгөртө албайм” дегени”

Даниел КАДЫРБЕКОВ: “Текебаев, Бабанов боюнча «сот гана чечет» дегени, президенттин “эч нерсени өзгөртө албайм” дегени”

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы жыл алдында, кечээ (19-декабрда) ММК өкүлдөрүнө биринчи жолу жыйын өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматынын айтымында, 84 (анын ичинде чет элдик жана аймактык 170тен ашуун) журналист каттоодон өткөн. Үч сааттан ашуун созулган маалымат жыйынында 40 журналист 80ден ашык суроо беришкен.

Бул жыйындан кийин ар ким ар кандай ойдо калып, ар кандай пикирлер айтылды. Өзгөчө эки Өмүрбек (Текебаев менен Бабанов) мырзалар боюнча берилген суроого президент так жооп бере албагандыгы айтылып, жазылууда. Алсак, анын бири саясат талдоочу Даниел Кадырбеков. Ал “Азаттыкка”: “Баарын мыйзамга такап жатпайбы. Текебаев жана Бабановго байланыштуу суроолорго «сот гана чечет» деди. Райымбек Матраимовго байланышкан суроого деле ушул өңдүү жооп берип: «Эмне үчүн сегиз жылдан бери унчукпай жүрүп, эми менден эмне талап кыласыңар?» дегендей кылды. Бул — «эч нерсени өзгөртө албайм, азыркы жагдай мени канааттандырат» дегени. Бул анын рейтингине таасир тийгизет. Бир-эки жылдын ичинде ушул жүйөлөргө байланып калат. Маселени жаңысында чечип алса, кийинки реформаларга мүмкүнчүлүк болмок, — деген.

Чынында эле бүгүнкү жыйын өтө эле «жумшак» өттү. Ошол эле кечээги экс-президент Атамбаевди мактап, жактап, кошомат кылып суроо бергендер дагы эле ошондой суроолорду бүгүнкү президентке беришти. Эртең эки Өмүрбек мырзанын бири президент болуп калса, анда да кошоматка «кой» союшат. Бул турган иш. Кимдин ким экени түшүнүктүү деле болуп бүтпөдүбү. Ушундай кесиптештер журналистиканын деңгээлин өтө төмөн түшүрүп жатат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.