РЫСАЛИЕВ: “Атамбаевге “Кыргыз эл Баатыры” сыйлыгын берип, бири-бириңерди кечирбейсиздерби” (ВИДЕО)

РЫСАЛИЕВ: “Атамбаевге “Кыргыз эл Баатыры” сыйлыгын берип, бири-бириңерди кечирбейсиздерби” (ВИДЕО)

Кечээ, 19-декабрда президент С.Жээнбеков ММКларга жыйын өткөрсө, парламентте  “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын мурдагы жана азыркы эки президентине кайрылуу жасады. Ал төмөнкү ВИДЕОдо:

Аягында Атамбаевге убада берилген сыйлыкты Жээнбековго эскертет. “Сиз Алмаз Шаршеновичке жарлыгыңыз менен айткан сөзүңүз бар эле. Ошону орундатып койбойсузбу. Жаңы жылда чакырып, баатырлыгын берип, төшүңөрдү тийгизип, бири-бириңерди кечирбейсиздерби! Эл ушуну күтүп жатат”,-дейт депутат З.Рысалиев.

Нышанов көтөрүп чыккан сыйлык эле…

Кайсы эл? Эл каршы чыкты эле го. Жактоочуларын айтып жатат го. Бул сыйлыкты берүүнү алгач былтыр депутат С. Нышанов парламентте көтөрүп чыккан. Ошондо эле калк каршы чыккан. Нышановдун айтканын бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Атамбаевди күттүргөн “Ак шумкар”

Эскерте кетсек, былтыр С.Жээнбеков кызматына киришери менен А. Атамбаевди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы жана «Ак шумкар» өзгөчө белгиси менен сыйлоо тууралуу алгачкы жарлыгын чыгарган. 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган жарлыкта бул сыйлык ага эгемендикти, элдин биримдиги менен ынтымагын чыңдоодогу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуудагы сиңирген эмгеги үчүн берилгени көрсөтүлгөн.

Кечээ З.Рысалиев дал ушул сыйлык боюнча сөз кылды. Буга чейин быйыл сентябрда депутат Ирина Карамушкина (Атамбаевдин жактоочусу, ал үчүн төшүн тоскон, сатпаган, тескери баспаган жагынан бул аялга беш деген баа берсе болот. Жактадыңды ушул аялдай болуп аягына чейин туруп бер – авт.) кечеңдеген сыйлыкты эскерткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.