“Касса” маселеси мага жагымсыз” дейт го, президенттик шайлоодогу штаб башчысы Фарид Ниязов

“Касса” маселеси мага жагымсыз” дейт го, президенттик шайлоодогу штаб башчысы Фарид Ниязов

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын башкарып иштеген Фарид Ниязов бүгүн (21-декабрда) үн катты.

Добуш сатып алуу фактысы далилденген учурдан башка учурларда штабдын кызматкери же активисти кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн эмес. Сооронбай Шарипович эмоция менен айтып алды. Аны түшүнсө болот, себеби “касса” маселеси баарына, анын ичинде мага да жагымсыз. Ооба, 2017-жылы мен Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы болгом, аны жашырбайм. Шайлоо өнөктүгүнүн каржылык жагы тууралуу айтсак, башкы демөөрчүлөрдү адатта талапкерлер өздөрү табышат. Былтыр деле ошондой болгон. Өз өнөктүгүнүн финансистин Сооронбай Шарипович өзүнчө аныктаган”, — деген оюн билдирген “Азаттык” радиосуна.

Эскерте кетсек, 19-декабрда президент С.Жээнбеков ММК өкүлдөрүнө жыйын өткөргөн. Анда шайлоодогу “кара касса” тууралуу суроо болгон. Анда президент Фарид Ниязовдун атын атаган. “Алексей Василивецкий сиздин штабда иштеди беле?” деген да суроо болгон. Ага С.Жээнбеков “Бул киши Фарид Ниязовдун жакын адамы, кеңешчиси болгон. Ал «170 миң доллар алдым» деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Ким берди? Кимден алды? Штабдын башчысы Фарид Ниязов «жооп бербейм, тазамын» дейт. Биринчи Фарид Ниязов жооп бериши керек«, — деген эле.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.