ЖАРЫЯ: Эртең бепбекер киного Аида Салянова чакырууда, келиңиз!

ЖАРЫЯ: Эртең бепбекер киного Аида Салянова чакырууда, келиңиз!

Экс-депутат Аида Салянова көптөгөн актуалдуу темадагы маселелерди көтөрүп келет. Бу жолу дагы өтө пайдалуу нерсе көтөрдү. Ал — ысырапкорчулук. Бул боюнча Аида Жеңишбековна буларды айтты: “Бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы — кыргызды артка тарткан ысырапкорчулук. Бул экономикалык эле эмес, адеп- ахлакка байланыштуу маселе. Ошонусу менен коркунучтуу. Балдардын келечегине инвестиция катары эмес, бир күндүк кур намыс үчүн кредит алып, коротуп, маңдай тер, ак эмгеги менен тапкан каражатты жылдап төгүп, кыйналган адамдардын саны арбын. Мындай көрүнүштү токтотуу — ар бирибиздин колубузда! Мен баарыңыздарды Мар Байжиев агабыздын бир тойго камынуунун кесепетин чагылдырган чыгармасын көрүүгө чакырам. Кыскача айта кетсем, анда тагдыр талкаланып, үй-бүлө бузулуп, үмүт өчөт. Мындай тагдырлар канча! Баарыңыздарды эртең, 22-декабрда, саат 10:00до «Алтынчы күнү кечинде» аттуу тасмасын көрүүгө чакырам. Ал «Ала-Тоо” кинотеатрында көрсөтүлөт. Кирүү бекер”.

Бепбекер киного кирүүгө шашылыңыз! Аида Жеңишбековна жөн чакырган жок, пайдалуу тасмага чакырууга. Андыктан келиңиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.