4 жаштагы наристени зордуктап, өлтүргөн зөөкүргө иш козголду

4 жаштагы наристени зордуктап, өлтүргөн зөөкүргө иш козголду

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Алардын айтымында, шектүү жаран РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») жана 12-берене («Зордуктоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул үрөйдү учурган окуя Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында болгон. Окуя 21-декабрга караган түнү жасалган. Аталган айылдагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн каза болгон 47 жаштагы аялдын жана неберелеринин (4 жана 7 жаштагы балдардын) сөөгү табылган. Аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жашар кыздын зордукталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум аял каза болгон наристелердин таенеси болгон.

Ал эми зөөкүр буга чейин уурулук кылганы үчүн жоопко тартылган. Бир нече жыл мурун үйлөнүп, кийин ажырашып кеткен. Тергөө учурунда ал кылган ишинин баарын моюнга алган. Бейкүнөө эки наристени өлтүргөн зөөкүрдү сот канча жылга кесет ким билет?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.