Кубат ОТОРБАЕВ: “Өмүрбек Текебаевди бийлик коркуп кетип эле отургузду”

Кубат ОТОРБАЕВ: “Өмүрбек Текебаевди бийлик коркуп кетип эле отургузду”

Бүгүн Өмүрбек Чиркешовичтин туулган күнү. 60 жылдыгын баардыгы куттуктап жатышат. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев да туулган күнү менен куттуктап, президентке кайрылуусун жарыялады.

Кубат Оторбаев Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына мындай деп жазган: “Өмүрбек Чиркешович, 60 ЖАШ кутман курагыӊыз менен куттуктайм! Сизди мурдагы бийлик коркуп кетип эле отургузду. Мен аны Омбудсмен катары Президентке кайрылуумда аргумент, фактылар менен бекемдеп бергем.

Ошол кайрылуумдагы урунттук жерлерин келтирейин:

«…Тергөө иштери жана соттун жүрүшү көргөзгөндөй Ө.Текебаевдин жасаган күнөөсү так далилденип, айныгыс фактылар менен тастыкталган жок. Сот адилеттигинин күчү – анын мыйзамдуулугунда жана кашкайган, четке каккыс далилдер менен бекемделип, фактылар менен ширетилгенинде. Тергөө-иликтөө иштери бир беткей каралоо менен жүрүп, келтирген жүйөөлөр эске алынбай, акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, ар тараптуулук жана атаандаштык принциптерин эске албаган соттук процесстердин аркасында чыккан өкүм кимди ынандырат? Жарымы жалган, жарымы чын, Жараткандын көөнү үчүн, көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүнбү? Ошондон улам бул иш эл арасында “саясий заказ”, “1937-жыл”, “саясий оппонентти куугунтуктоо” катары сыпатталууда.

Өмүрбек Текебаевдин ишинде анын бул кылмышты жасаганына шек туудуруп, күмөн жараткан бир нече дал келбестиктер тергөөдө дагы, сотто дагы так аныкталган жок. Алардын айрымдарына Сиздин көңүлүңүздү бургум келет:

  1. Л.Маевский менен А.Модин «2010-жылдын 13-майында биз Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен кечки саат 18.00ден-20.00га чейин “Хаят” ресторанында жолукканбыз» деп 2017-жылдын февраль айында көрсөтмө беришкен. Бирок, бул учурда Ө.Текебаев Конституциялык кеңешмеде, ал эми Д.Чотонов Ош облусунда болгон. Ө.Текебаевдин жыйында отурганын КТРКнын видеотасмалары, ал эми Д.Чотоновдун Ошко учуп кеткенин Транспорт жана коммуникация министрлигинин ырасмий каты тастыктайт. Бул маалыматтар ачыкка чыккандан кийин Л.Маевский дагы, А.Модин дагы көрсөтмөлөрүн кескин өзгөртүшүп, “Хаятта” эмес, “Супарада” жолукканбыз дешкен. Бирок, “Нур телеком” компаниясы берген маалымат боюнча А.Модин 13-май күнү 13.00дөн-19.00гө чейин Бишкектин борборунда болгон. Сот муну эске алган эмес.
  2. Л. Маевский тергөөдө дагы, сотто дагы «Москва шаарындагы «ВТБ-24» банкындагы өз эсебинен 300 миң доллар акчаны нак алып, аны Бишкекке алып келип, А.Модинге «Хаятт» мейманканасында бергем», деп айткан. Бирок, кылмыш ишине тиркелген банктык выпискалар Л.Маевский андай акчаны албаганын тастыктайт. Бул күмөндүү жагдайды дагы сот тактап, аныгына чыккан эмес.
  3. Л. Маевский сотто көрсөтмө берип жатып «2010-жылы июлда 3 ирет С.Кутуков аттуу жаран аркылуу 300 миң доллар акчаны Бишкекке жеткиртип, бердиргем» деп айткан. 2017-жылы 7-апрелде Москвада ФСБнын капитаны Г.Михтаевге сурак берген маалда С.Кутуков Бишкекке бир гана ирет май айларында келгенин, Кыргыз Республикасынын эч бир кызмат адамына жана башка адамдарга акча бербегенин, С.Маевскийден же анын өкүлдөрүнөн бирөө-жарымдын акча сураганы ага белгисиз экендигин билдирген. Ошентип, С.Кутуков эч убакта 300 миң доллар акчаны Кыргызстанга алып келбегенин айткан. Сот бул жагдайды да эске алган эмес.
  4. Тергөөдө көргөзмө берген А.Модин Ө.Текебаев менен жолукканбыз, демек, кылмыштын орду ушул деп көргөзгөн кабинет кимдики экени такталган жок. Сот аны тийиштүү тараптарга официалдуу тактама жиберип, аныктагандан баш тартты.
  5. Тергөөдө да, сотто дагы Л.Маевский «2010-жылдын 13-майынан кийин Д.Чотонов, Ө.Текебаев менен телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп тургам» деп билдирген. Ө.Текебаев дагы, Д.Чотонов дагы «Мегаком» компаниясынын абоненттери болгон, «Мегакомдун» коопсуздук боюнча директору, генерал-полковник А.Чотбаевдин УКМКга берген жооп катында «Л.Маевский 2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин «Мегакомдун» абономенттери (анын ичинде Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен дагы) бир да ирет сүйлөшүп, же смс алышкан эмес», деп билдирген.

Тергөө менен соттун жүрүшүндө буга окшоп күмөн ой жаратып, такталбай, эске алынбай, кыйгап өткөн фактылар 20дан ашуун. Л.Маевскийдин антип жаӊылып жаткан жаагына чаба турган сот адилеттиги салтанат курбады.

Акыры барып-келип, кандай болгон күндө да Ө.Текебаевдин, Д.Чотоновдун Л.Маевскийден же А.Модинден акча алганын же алып жатканын көргөн бир да жан жок. Криминалистиканын алтын эрежеси кылмыштын составынын негизин түзгөн орду, болгон убактысы, далил заттары, катышуучулары так аныкталып, тастыкталышы керек».

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.