Саясатчылар ооруканага барып Текебаевди куттукташты (ВИДЕО)

Саясатчылар ооруканага барып Текебаевди куттукташты (ВИДЕО)

Бүгүн Текебаев Өмүрбек Чиркешович 60 жашка толду.  Ал 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында туулган. Туулуп-өскөн айылында да, чет жактагы мекендештер да видео аркылуу куттуктоо айтышты.

Ошондой эле, бүгүн Бишкекте Өмүрбек Чиркешовичтин туулган күнүнө арналган иш-чара “Хан Теңирде” өтүп, ага саясатчылар, коомдук ишмерлер, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы төрагалар, укук коргоочулар жана журналисттер катышты. Иш-чарадан кийин алар ооруканага барып, Өмүрбек Текебаев менен жолугуп, куттуктап, каалоо-тилектерин айтып, бата беришти. Аягында журналисттер Өмүрбек Чиркешовичке Атамбаевдин сөзү боюнча суроо узатканда,  пикирин билдирди. Аны ВИДЕОдон көрүңүз!

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты Өмүрбек Чиркешовичти туулган күнү менен куттуктап, эң башкы байлык ден соолукту жана бардык жакшылыктарды каалайт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.