Жанетта Бобкова, Роза Шакирова менен Илим Карыпбековдун ортосундагы чыр чечилип..

Жанетта Бобкова, Роза Шакирова менен Илим Карыпбековдун ортосундагы чыр чечилип..

«Жанетта Бобковага кайын атасы Юрий Бобков менен КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков бут тосуп жатыптыр”,- деген сөздөр социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. Ага И.Карыпбеков “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жооп берди. 

«Бобковы своих детей не бросают» деп Юра байке айтты…

«Жанетта Бобкованы Карыпбеков менен Юрий Бобков КТРКга чакырттырбай, көрсөтүүлөргө чыгарууга бөгөт коюп, Юрий Бобков продюсерлердин баарына айтып чыгыптыр», — деген сөздөр боюнча бир аз маалымат. Мага бир жумадан бери бул маселе боюнча жогору жактагы адамдар дагы телефон чалышып, ФБ баракчаларда дагы аттуу-баштуу инсандарыбыз жазып келе жатышат. Мен КТРКнын продюсерлери менен дагы сүйлөшүп чыктым ар бири менен өзүнчө. Юрий Бобков менен дагы сүйлөштүм. Жанетта Бобкова менен дагы сүйлөштүм.

Бир дагы КТРК продюсерине дядя Юра Жанеттага бөгөт коюу боюнча кайрылган эместиги такталды. КТРКда бир дагы адам азырынча дядя Юра Жанетта боюнча туура эмес сөздөрдү сүйлөдү дегенин азырынча айтыша элек, мен уга элекмин. Ошондой болсо, факты келтирүүңүздөрдү суранам.

Дядя Юра өзү мага келип Жанетта Бобкова жөнүндө жылуу сөздөрүн айтып, жакшы каалоотилектеринен бөлөк сөз сүйлөгөн жок. Ал эмес Жанеттага экс келини эмес, дайыма азыркы келининдей мамиле кылаарын билдирип «Бобковы своих детей не бросают» деп айтып кетти.

Жанетта менен өзүм сүйлөшүп, жолугушууну сурандым. Азыр убактым жок деп айтып, Дүйшөмбү күнү келмей болду.

Эми өзүмдүн айтайын дегеним, мен дагы Жанеттаны сыйлайм, баалайм. КТРКда эч ким Жанеттаны басмырлоо, кемсинтүү кылайын деген оюу жок. Андай болушу мүмкүн эмес, мен дагы жол бербейм. Жанетта өзү деле, биздин айрым кызматкерлер деле жакшы билишет жана далилдеп бере алышат, Жанеттаны мен жеке кыйын учурга кабыл болгондо менден эч ким сурабаса деле өзүм колдоп бергем жакын эле арада. Ошондуктан көп сөз кылып кереги жок го дейм. Жанетта жакшы чыгармаларды жаратып, аракет кылып жатса Жанетта эмес, өзүбүз жанталашып, аркасынан түшүп келип көрсөтүүлөргө катышып кетүүсүн суранабыз. Мындай учурда 15 Юрий Бобков жол тосуп, бөгөт койсо дагы ийгиликти токтото алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Жанеттага чыгармачылык ийгиликтерди, ал эми эл-журтубузга сабырдуулукту тилейм. Аман болуңуздар!”, — деген И.Карыпбеков.

“Көгүлтүр оттогу” “оюндар” боюнча ой…

Мындан мурун да жаңы жылдык “Көгүлтүр от” берүүсү боюнча И.Карыпбеков таламга калган. Анда ырчы Роза Шакированын аталган телеберүүгө катышуусу боюнча болгон. Ырчы андагы тизмеден чийилип калганы боюнча таарынычын журналисттерге айткан. Ал дагы соцтармактагы адамдардын кызуу талкуусуна түшкөн.

Анда да И.Карыпбеков жооп берген, ал мындай: “Роза Шакированы Карыпбеков «Көгүлтүр от» программасынан былтыр дагы, быйыл дагы чийип салыптыр…» деген ызы-чууга 2-3 күн болду. Роза Шакирова менен дагы, башка ырчылар менен дагы ысык-суугум жок. Баарына бирдей, тең мамиле жасайм. «Көгүлтүр от» программасына бардык «заслуженныйлар», «народныйлар» дегеле башка залкарлардын баардыгы тартылат. Өзгөчө эмгеги элге өткөн залкарлардын саны 180 ырчыдан бир аз ашат экен. 200гө жетпей калганына бир аз капа болуп, жакынкы арада буйруса залкарлардын катары дагы толукталып 200гө жетет деген ишенимдебиз. Мен билгенден Шакирова программага тартылат. Сабыр достор, сабыр”,-деп бүтүргөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.