Ак үйдөгү чиновник “депутатты коркуткан эмесмин” дейт.  Ишенелиби?

Ак үйдөгү чиновник “депутатты коркуткан эмесмин” дейт.  Ишенелиби?

ЖК депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Элвира Сурабалдиева жакында эле Ак үйдөгү чиновниктердин бири коркутканын «Твиттердеги» баракчасына жазып чыккан. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев экени бүгүн ачыкталды. Аны депутат «Азаттыкка” айтып берген.

— Палатанын ичинде кесиптештер ортосунда бир кырдаал жаралып калды. Ошону такташып жатканда президенттин парламенттеги өкүлү эки кесиптешимдин көзүнчө үнүн бийик чыгарып, ачык эле коркутуп калды. Ал киши бир нече маселени көтөрбөөнү суранган. Мен болбой эле комитеттен да көтөргөм. Ал кишинин ачуусу келди окшойт. Биз комитеттен “Росинбанкка” тиешелүү маселени карап жатканда да ал адам аны көтөрбөй эле коюуну айткан. Ал боюнча туура эмес нерселер чыгып жатат. Биз аны прокуратурага текшерүүгө жөнөттүк. Улуттук банктын иштери жана “Кыял” мамлекеттик ишканасына тиешелүү деп ойлоп жатам. Биз эмнеге мындай реакция болуп жатканын түшүнбөй калдык. Кийин ойлосом ал бир нече жолу эскерткен. Бул маселе өлкө жетекчисине жетишин каалаган эмес.

ДЫЙКАНБАЕВ: “Коркуткан эмесмин”

Ал эми Курманбек Дыйканбаев болсо: “Ал тамаша сөз болчу. Төрт киши отурганбыз, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп жөн эле сөз чыгып калды. Өзү катуу сын айтып жатпайбы. «Жаш депутатсың, этият бол» деген мааниде эле карындашыма кайрылгандай эле айткам. Мен да окуп алып таң калдым”,-дейт.

Эскерте кетсек, быйыл октябрда «Росинбанктын» күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы берилген насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу Улуттук банктын карамагына өткөнү маалымдалган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.