Табып Хашым Зайналиев камакка алынды

Табып Хашым Зайналиев камакка алынды

Кечээ, 22-декабрда табып Хашым Зайналиев кармалып, камакка алынганы боюнча ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, ал Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Буга чейин Х.Зайналиевде дарыланган айрым адамдардын туугандары арызданып келишкен. Алсак, 2016-жылы 56 жаштагы аял Зайналиевге кайрылып, каза болуп калган. Андан кийин, бу кишинин кланикасында дарыланган наристенин оорусу оорлоп, оор абалда ооруканага түшүп, ата-энеси милицияга арыз жазган. Бул окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги укук коргоо органдарына (ИИМ, УКМК, МСК, Башкы прокуратурага кайрылып, аны жоопко тартууну суранып) бир нече ирет арыз жазып отуруп, былтыр Зайналиевдин Көк-Жар конушундагы клиникасын жаптырган. Зайналиевдин медициналык билими жана ишмердүүлүгүнө уруксат берген лицензиясы жок экенин баса белгилеген.

“Бейтапканада өлүм алдында 20 оорулуу калды”

Табыптын Facebook баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун оңдоосуз беребиз. Ал мындай: “Менин жана бизде жаткан 20дан ашык оорулуулардын үнүн Президентке жеткиришкен жок. Бул менен акыркы постум болуп калуусу толук мүмкүн. Октябрь РОВДсынын милициясы келип, мени камакка алып бара жатышат. Бейтапканада өлүм алдындагы 20 оорулуу калды. Алар бир нерсе болуп кетсе, милициядан жана жалган кылмыш иш ачтырган врачтардан көргүлө”, — деп жазган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.