ЖАРЫЯ: 34 миң сом алгыңыз келеби? Анда чамдаңыз!

ЖАРЫЯ: 34 миң сом алгыңыз келеби? Анда чамдаңыз!

Бүгүн, 23-декабрда эртең менен Нарын облусунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жеткинбек Дөөлөтов 234 миң сомун Ат-Башы районундагы мал базардан жоготуп алганы боюнча анын иниси “Спутникке” билдирген. Анын айтымында, агасы акчасын уурдаткан эмес, түшүрүп алышы мүмкүн. «Акча чакан кара түстөгү сумкага салынган болчу. Бирөө уурдап кетти деп айта албайм, агам сумкасын бир жерге эле түшүрүп койду окшойт. Акча бүгүн эртең менен саат 10.00дөр чамасында жоголду. Эгер таап алган киши, кайтарып берсе, сүйүнчүсүнө 34 миң сом беребиз. Ынсаптуу бирөөнүн колуна тийсе кайтарып берээр деген ниет менен азырынча социалдык тармактар аркылуу гана издеп, милицияга арыз жазган жокпуз”, — деп билдирген.

Урматтуу окурмандар, жардам берели. Кандай кылып? Баарына текши жетүү үчүн бул жарыяны бөлүшүп койсоңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.