Бүгүн сотто Салянованын инисине ким буйрук бергени айтылышы мүмкүн… Кесиптештер, келиңиздер!

Бүгүн сотто Салянованын инисине ким буйрук бергени айтылышы мүмкүн… Кесиптештер, келиңиздер!

Экс-депутат Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот жараяны быйыл сентябрда башталган. Бүгүн, 25-декабрда сот ишин улантат, Биринчи май райондук сотунда, саат 15:00дө башталат. Бул жолку соттук отурумда маркумга ким заказ бергени тууралуу айтылып, аты аталышы мүмкүн.

Урматтуу кесиптештер, бүгүнкү соттук отурумда сырдуу кылмыштын бети ачылышы ыктымал. Себеби, мурунку соттук отурумда, негизги күбө О.Тярттын: «мен соттолуп жаткан адамдан бир чоң кызматтагы адамды өлтүрүүгө сунуш түштү дегенин уккам», — деп айтып, көрсөтмө бергени бар. Ушул соттолуп жаткан адам бейкүнөө ажал тапкан Улан Саляновду өлтүрүүгө ким буйрук кылганын айтышы мүмкүн. Ошондуктан сотко келип катышып, чындыкты чагылдырып, коомчулукка жеткирип берүүңүздөрдү суранабыз!

Эскерте кетсек, 42 жаштагы Улан Салянов былтыр (2017-жылы 6-ноябрда) Бишкектеги Көк-Жар конушундагы үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Канкорлор атып кетишкен. ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Алар — Э.Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Мекеменин маалыматына караганда, Э.Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалган. Үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган. Аида Салянова инисинин өлүмү «саясий буюртма болушу мүмкүн» деп эсептейт.

Сүрөт: «Спутниктен» алынды

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.