Даир Кенекеев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Даир Кенекеев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

— Урматтуу мекендештер, ардактуу ага-инилер, эже-карындаштар жана досторум! Баарыңыздарды кирип келе жаткан Жаңы 2019-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, ар дайым колдоп турган досторума, мекендештериме ыраазычылык билдирем.

Узап бара жаткан 2018-жылда элибиздин жаркын келечеги үчүн, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн бир топ иштер аткарылды. Бирок, жакшыны көрө, жаманды бөлө албаган адамдар да болбой койгон жок. Ар кандай ушак-айың, жалган сөздөрдү сүйлөп, жамандыкты гана жазып жүргөн көрө албастар оңолуп, аман болсун. Оору-сыркоо, терс көрүнүштөр эски жыл менен калып, жамандыктын жыты да жолобосун! Ар бирибиздин үйүбүздө кут жана ырыскы мол болуп, улан-кыздарыбыз жаркын маанайда, ата-энелер сый үстүндө болушсун. Баарыңыздарга чексиз бакыт, ийгиликтерди каалайм! 2019-жылы баарыбыз аман-эсен, чың ден-соолукта болуп, жаңы тилек, ой-максаттарыбыздын баары орундалган, жаркын маанайдын, жакшы иштердин, ийгиликтердин жылы болсун! Кыргызстаныбыздын маданий, руханий жана социалдык-экономикалык деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзүлүп, өз салымыбызды кошолу! Кирип келаткан Кара кийик жылы – жемиштүү, жеңиштүү жылдардан болсун! Жаңы жылыңыздар менен!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.