Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Күчтүү мамлекет ар бир адамдын аракетинен башталат”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Күчтүү мамлекет ар бир адамдын аракетинен башталат”

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

-Урматтуу мекендештер!
Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди “Ата Мекен” саясий партиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жаңы жыл адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган, жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган улуу күн. Жаңы жылдын босогосун аттап жатып, ушул жыл өлкөбүз үчүн биримдиктин, өнүгүүнүн, жакшылыктын, ар бирибиз үчүн ынтымактын, ийгиликтин жылы болушун тилейм!

Күчтүү мамлекет ар бир үйдөгү жашоочулардын мекенге болгон сүйүүсүнөн, аракетинен башталат. Ар бириңиздердин саламаттыгыңар чың болуп, балдарыңыздардын бактысы үчүн, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, үй-бүлөнүн жетиштүү жашоосу үчүн талыкпай эмгектенип, татыктуу өмүр улай беришиңиздерге тилектешмин.

Жараткан ар бирибизди асыл ой-максаттарыбызга, аруу тилектерибизге жеткирсин! Дагы бир жолу кирип келген 2019-жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ
“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.