“Өнүгүү өзүңдөн башталат” деген Бакыт Төрөбаев бир жылда эмне кылганын айтып берди

“Өнүгүү өзүңдөн башталат” деген Бакыт Төрөбаев бир жылда эмне кылганын айтып берди

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди  келе жаткан жаңы жылыңыздар  менен чын жүрѳктѳн куттуктайм. Жаңырган жыл тынчтыктын, өнүгүүнүн, ынтымак-биримдиктин жылы болуп, Жараткан элибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктардан сактасын.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күнгө чейин эмнеге жетиштик? Саресеп салып кѳрбѳйлүбү:

Учурда 32 ишкана ачылып, 3200 адамды жумуш менен камсыз кылдык. Мамлекеттик жана жеке менчик 102 МТС ачылды.  2020-жылга чейин бул көрсөткүч буйруса 200 гөжетет. Өлкөдөгү 800 миңге жакын дыйкандарга насыяларды көлөмүн 7 млрд сомго көтөрдүк. Оң рулдуу автоунааларды таксикызматын көрсөтүү боюнча мыйзам кабыл алынып, 10 миңден ашуун жумушчу орун сакталып калды. Мамлекеттик жөлөк пулдар мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, пенсия киреше булагынан чыгарылды.

Мындан сырткары:

  • Жеке ветеринардык врачтардын статусу;
  • Ѳзжүрѳгүңдү сакта;
  • Мүмкүнчүлүгү  чектелген балдардын ата-энелерине акча тѳлѳѳ;
  • “Жарыкшаар” долбоору, жарык мамлекеттик долбоорго өттү.

“Эр эмгегин жер жебейт” демекчи,  “Ѳнүгүү-Прогресс” партиясы айыл чарбасында алгылыктуу  иштерди аткарып,  дыйкандардын  жана айыл тургундарынын түйшүгүн жеңилдетип жаткандыгын бүгүнкү күндѳ коомчулук, эксперттер, журналисттер белгилешүүдѳ. Азыркы кезде  ар бир үй-бүлөгө  күнүнө киреше бере турган “Кыргыз Сүт” улуттук долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндѳ биздин партиянын ишмердүүлүгүн жана жеке менин саясий майдандан алыстап калганымды айтып, сындагандар жок эмес. Менин дарегиме айтылган  сындарды туура кабыл алам. Биздин партия саясий интригалар, популисттик убадалар  менен алектенбестен, элдин жашоо-шартын жакшыртуу, экономиканы кѳтѳрүү максатындагы системалуу жумуштарды аткарып,партия ичиндеги тазалануунун жана жаңы,  жаш кадрлар агымы менен  иштөөнүн үстүндѳбүз. Партиянын мындан кийинки багытын, аткарылуучу иш-чараларды жана эң башкысы 2020-жылдагы Парламенттик шайлоого катышуу боюнча даярдыкты апрель айында кезектеги сьездде  талкуулайбыз.

Урматтуу замандаштар!

 «Өнүгүү өзүңдөн башталат» демекчи, Ѳлкѳнүн ѳнүгүшү  үчүн  ар бирибиз демилге кѳтѳрүп,  салым  кошуп, четте турбай,   жоопкерчиликти чогуу алалы. Бай болгула. Бар болгула!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.