КТРК жетекчилигине Назира Аалы кызы менен Шайырбек Абдырахмановдун аты айтыла баштады. Кимиси татыктуу?

КТРК жетекчилигине Назира Аалы кызы менен Шайырбек Абдырахмановдун аты айтыла баштады. Кимиси татыктуу?

КТРКнын жетекчилигине сынак жарыяланды. Бул кызматка азырынча эки адамдын аты атала баштады, алар: Назира Аалы кызы менен Шайырбек Абдырахманов. Сынактын жол-жобосуна Назира айымдын талапкерлиги туура келээрин айтып, жазышууда. Жетекчилер кандай критерий менен тандалаарын төмөндө окуй аласыздар.

Сынактын жол-жобосу

Учурдагы башкы директор Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү ушул жылдын 19-мартында бүтөт. Ошого байланыштуу ачык сынак жарыяланды. Сынактын жол-жобосуна токтолсок, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча, талапкерлер жогорку билимдүү, кыргыз, орус, англис жана башка тилдерди билүүсү абзел. 5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телерадионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоосу зарыл.

Сынактын мөөнөтү ушул жылдын 18-февралында, саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми Илим Карыпбеков сынакка кабыл алынган талапкерден кийин, бир ай, бир күндөн кийин кызматтан кетет. Илим Карыпбеков төрт жылда кандай иштеди жана эмнеси менен эсиңизде калды? Ал эми жаңы жетекчиликке аттары аталып жаткан журналисттер: Назира Аалы кызы, Шайырбек Абдырахманов. Буларды коомчулук көрсөтүп жатат. Экөөбүнө тең ийгилик каалайбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.