Чубак ажы туулган күнүн кандай өткөрдү?

Чубак ажы туулган күнүн кандай өткөрдү?

Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн, жогорку билимдүү Чубак ажы Жалиловдун бүгүн өздүк майрамы. Мындан 44 жыл мурун жарык дүйнөгө келип, ата-энесин сүйүнткөн күн. Экс-муфтийди туулган күнү менен куттуктап, ат жалында маек курдук.

-Чубак ажы, кечээ бала болсоңуз, бүгүн атасыз. Ата-энеңизди эстесеңиз керек?

-Ооба, сиз суроо узаткандан кийин ата-энемди көбүрөөк эстедим. Мен алты бир туугандын экинчисимин. Биздин балалыгыбыз Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында өткөн. Ата-энебиз бизге жакшы таалим-тарбия берди. Экөө тең мугалим болчу. Ошондуктан мектепти жакшы окудук. Мен мектепти алтын медаль, ЖОЖду кызыл диплом менен бүтүргөм. Сиз айткандай, кечээ бала болсом, бүгүн атамын. Үч уул, эки кызым бар. Балалуу болгондо аябай сүйүнгөм. Ошол сыңары мен төрөлгөндө ата-энем кубанса керек.

— Бала кезде туулган күнүңүздү белгилесеңиз керек? Эсте калган кайсы жыл болду?

-Туулган күнүмдү аябай шаан-шөкөт кылып белгилеген эмеспиз. Эсимде калганы эле жыл сайын атам: “балам, бүгүн мынчага чыктың”,-дечү. Бүгүн да атам таң эрте куттуктады. Азыр апам жок. Бир туугандарым, тели-теңтуш, санаалаш, замандаштарым, журналисттер куттукташты.

— Жубайыңыз, балдарыңыз куттуктадыбы?

— Ооба, куттукташты. Жубайым жакшы тамак жасап, дасторкон четинде каалоо-тилек айтып, дуба кылдык. Бул бүгүнкү эле көрүнүш эмес, күндөгү эле көрүнүш. Биз күндө эле дасторкон үстүндө элдин амандыгын, жердин, дүйнөнүн тынччылыгын тилеп, дуба кылабыз. Шарият боюнча ресторан, кафеде арак-шарап менен туулган күндү дүңгүрөтүп өткөрүүгө болбойт. Ошого кеткен акчаны мүмкүнчүлүгү чектелген адамга, чыныгы муктаж адамга берсе чоң соопчулук болот. Адамга соопчулук кылууну унутпасак, бир тууганым.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

P.S. Туулган күндүн ээси Чубак ажы Жалилов боюнча маалымат бере кетсек, ал Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча билимин жогорулаткан. Эмгек жолун КУУнун чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалимдиктен баштаган. 2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде мугалими; 2010-2012 — Кыргызстандын азирети муфтийи болгон.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.