Турдукулов менен Атамбаевди Жээнбеков жолуктурганбы?

Турдукулов менен Атамбаевди Жээнбеков жолуктурганбы?

Адил Турдукуловду “мыкты жарандык активист” деп эле жазып келатабыз. А чыны мыкты коомдук жана саясий ишмер, мыкты аналитик. Кимди жазса да, эмне жазса да далилдүү жазат. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда аны катуу сындап жазып келгенин баарыбыз эле билебиз. Өткөн жумада аны менен жолукту. Ал жолугушуу ар кимди ар кандай күдүк ойго түрттү. Ар ким ар кандай пикир жазды. Ошондон улам, биз Адил Турдукуловго суроо узатып, жооп алдык.  

— Адил мырза, буга чейин сындап келген экс-президент Алмазбек Атамбаевге өткөн жумада жолуктуң. Андан кийин ар кандай кептер кетти. Аны өзүң деле уксаң керек. Жашыруун болбосо жолугушуунун максаты эмне эле? Ал киши өзү чакырдыбы же өзүң бардыңбы? “Экс-депутат Равшан Жээнбеков алып барыптыр” деген да имиштер бар. Кыскасы, бардык чындыкты өз оозуңдан уксак.

— Ооба, өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолуктум. Өзүңүз айткандай, ал жолугушуу боюнча ар кандай кеп кетип, аны ар ким ар кандай, өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алды. Мен ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетейинчи. Негизи эле, эгерде сен коомдук же саясий ишке аралашам десең, анда башка саясий күчтөр менен жолугуп, пикирин билишиң керек. Ушундай жолугушуулар боло бериш керек деп ойлойм. Андыктан Атамбаев эле эмес, дегеле саясий күчтөр менен жолугуп, пикирин билгим келет жана андагы сүйлөшүүнү кадыресе эле саясий консультация катары кабыл алуу керек деп эсептейм. Бөйрөктөн шыйрак чыгарып, бурмалабаш керек. Керек болсо дагы эле  Атамбаевге жолуга берем. Эми аны менен жолугушууга мени Равшан Жээнбеков алып барган жок, өзүм бардым. Анткени көп жылдан бери ал адамды жакшы тааныйм, 2003-жылдан бери таанышпыз. Ал премьер-министр болуп турганда, мен анын жардамчысы болгом. КСДПнын шаардык бөлүмүнүн башчысы да болгом. Ошондуктан ал мага жат, чоочун адам эмес. Бирок, көрүшпөгөнүбүзгө 11 жыл болуптур. Ошондон улам, ага жолуккум келди жана бийликтен кеткенден кийин анын саясаттагы максатын, маанайын, ниетин, духун, кадамын билгим келди. Саясаттык күрөшүүдө ал аягына чейин чыдап тура алабы же “тажадым” деп кол шилтеп басып кетеби деген суроолорго жооп алгым келген. Сүйлөшүүдө ал саясатты таштабагандыгын, аягына чейин мыйзам жүзүндө күрөшө тургандыгын билдим. Анын сөзүндө гана эмес, көзүндө да көрүндү.

— Демек, анын максаты кайрадан бийликке келүү экен да?..

— Жок, бийликке кайра келүү анын башкы максаты эмес экен. Анын айтымында, ал өзүнүн атын кайра реабилитациялоо, кылган иштери жакшылыкта гана калса экен деген ниетте экендиги ар бир сөзүндө билинип турду. Башкы максаты ошол экенин айтты.

— Эки жылдан кийин өтчү парламенттик шайлоого катышабыз деп жатпайбы. Ошондон уламбы, “эски тааныштарын чакыра баштады” деген да эл арасында сөз бар. “Парламенттик шайлоого биз менен чогуу бар” деген сунуш болгон жокпу?

— Жок. Эч кандай сунуш болгон жок. Анын артынан депутат болуу менин да максатым эмес. Анын да, менин да максатымды жогоруда айттым го. Мен үчүн мандат алуу максат эмес, анын оюн билүү маанилүү болчу. Ырас, 2020-жылда өтчү парламенттик шайлоого катышарын билдирди, бирок, ал экинчи маселе экендигин айтты. КСДП мененби же башка мененби аны ачык айткан жок. Бирок, катуу даярдыкты көрөрү ар бир сөзүндө билинди. “Парламенттик шайлоого катышабыз, жеңебиз, мыйзам жолу менен бийликти алабыз” деген ниетин билдирди. Ал Кыргызстандагы саясий атмосферада өз багытын сунуштаганга мыйзам боюнча акысы бар. Жана анын бүт ресурстары бар, каржы жагынан жарды эмес, артында колдогон эли да бар.

— Каржы демекчи, “жолуккан эле адамга Атамбаев мени колдо” деп акча берип жатыптыр” деген да эл арасында имиш бар. Сен боюнча да ушундай сөз жүрдү. Мунун канчалык чындыгы бар?

— Акчасын алган жокмун, тагырагы, ал сунуштаган жок, мен дагы сураган жокмун. Ал деле жинди адам эмес да келген эле кишиге бере бергидей. Акча берсе да албайт болчумун. Эмнеге алат элем? Же ага ишенимдүү адамбы болбосом, же анын партиясынын штабында иштебесем, же кандайдыр бир ишке макулдашуу болбосо…

— Бул жолугушуудан кийин Алмазбек Атамбаевди сындабай калбайсыңбы?

— Бул жолугушуу ага болгон сын-пикирден тайды дегенди билдирбейт. Буга чейин кандай сындап келсем ошол бойдон калат.

— “Досу Сооронбай Жээнбеков менен “касташып” калгандан бери, бир топ партиялаштары “сатып” кеткенден кийин, бир топ үлкөн адамдар далысын салгандан кийин алдан тайып калган” дешет. Ошондой бекен?

— Жок, андай эмес. Алтымыштан ашса дагы алдуу, күчтүү, баягыдай эле табында.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.