“Человек паук” болгон банк кызматкери иштен айдалды…

“Человек паук” болгон банк кызматкери иштен айдалды…

Күндө костюм, шым, ак көйнөк кийип, галстук тагынып офисине зыңкыйып келген банк кызматкери кетээр күнү ишине “Человек пауктун” кийимин кийип келип кесиптештерин күлкүгө бөлөп, социалдык түйүндө дүң болду. Баса, бул бизде эмес, Бразилия мамлекетинин Сан-Паулу шаарында бүгүнкү болгон окуя.

Бир күн кечке “Питер Паркер” болгон банк кызматкери күндөгүдөй эле ишин кылган: компьютерде отуруп, иш кагаздарын терип, телефон каккандарга жооп берип, кесиптештери менен консультация кылып… Анын мындай кылыгына кызыгып сурагандарга, ал кетээр күнү жандүйнөсүнө майрам тартуулагысы келгени менен түшүндүргөн. Кесиптештери аны сүрөткө тартып, кошо түшүп социалдык түйүндөргө жайгаштырышкан. Бирөөсү аны столдун үстүнө капталынан жаткырып сүрөткө тартып, алдына: “акыркы иш күнүндө бул киши биздин боссту жинди кыла турган болду…” деп жазып койгон. Алардын баарын боссу социалдык тармактардан көрүп, окуп, абдан ачууланганы жазылат чет элдик басылмаларда.  Ал эми социалдык түйүндөгүлөр аны колдоп жазышкан. Бир күндө эле ал популярдуу болуп чыга келген, бирок, аты-жөнү жазылган эмес.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.