Коррупцияны билдирген адамга сый акы төлөнөт

Коррупцияны билдирген адамга сый акы төлөнөт

«Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ток этээр жерин айтканда, бул мыйзамда жарандын эркиндигин, укугун коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылаары көрсөтүлгөн. Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамга өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөрү каралган.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр (2018-жылдын 20-декабрында) кабыл алынган, эми расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.