Он жылдан бери мектеп, бала бакча, доктурга зар болгон жашоочулар

Он жылдан бери мектеп, бала бакча, доктурга зар болгон жашоочулар

Үмүт жаңы конушунун жашоочулары биздин сайтка чалып чакырды. Аталган конушка барып, алардын жашоо-шартын көрүп, көйгөйүн угуп, жергиликтүү жетекчилер менен да маектешип келдик. Анда эмесе, сөз башынан болсун!

Жазира БЫРЖЫЕВА, мугалим: “Барбаган жерим, какпаган эшигим калган жок”

Үмүт жаңы конушунун жашоочуларынын атынан декреттик отпускада жүргөн мугалим Жазира Быржыева сүйлөп берди. Ал маектин башталышында эле балдардын келечегин айтып, күйүп-бышып төрт маселеге басым жасады.

-Башка жаңы конуштардай эле бизде көптөгөн көйгөй бар. Ошонун ичинен бизге  аба менен суудай керек болуп жаткан — мектеп, бала бакча, ФАП, транспорт керек. Ушул төрт маселеге көбүрөөк басым жасагыбыз келет. Себеби, балдар биздин келечегибиз да, аларга кичинесинен кам көрүшүбүз керек. Балдардын келечеги бала бакча, мектептен башталат эмеспи. Биздин жаңы конушта ушулар жок. Балдарыбыз жаныбызда жайгашкан Пригородное айыл аймагындагы мектепке барып окушат. Ал мектепке 300 гана бала окушу керек экен, учурда миңден ашык окуучу 4 смен менен окууда. Менин кызым 3-класста окуйт, ал кечки саат төрттө кетип, жетиде келет. Келатканы да өзүнчө азап. Транспорт жок. 22-автобус гана каттайт. Ал дагы кеч жүрөт, жарым саатта бир келет. Он мүнөттө жүрсө балдарыбызга жакшы болот эле. Кышында үшүп калышууда. Негизи бизге шаарга каттаганга маршрутка керек. Бир кезде бир маршрутка каттачу, ал кийин келбей калды. “Жолдун жамандыгынан улам айдоочулар баш тартып коюуда” деп угуп жатабыз. Мына, көрүп жатасыз жол жаман. Бизге сөзсүз шаар аралаган бир маршрутка керек. Анткени биздин балдарыбыз мектеп менен эле чектелбейт да, башка дагы кошумча курстарга, ийримдерге шаарга барышат. Шаар ичиндеги мектепке барган окуучулар бар. Анан алар 22-автобусту гана күтүп калышат. Шаарда иштеген ата-эне бар. Алар балдарын таштайын десе бала бакча жок. “Бала бакча менен мектептин орду болгон, ал сатылып кеткен” деп эле угуп жатабыз. Бизде медицина тармагы да начар, ФАП жок. Кош бойлуу келиндер, балдарыбыз ооруп калганда баягы эле Пригородноего барабыз. Ал жердин да абалы укмуш эмес, начар, көп нерсеси жок. Ошондон улам, Аламүдүндөгү гинекологго барабыз, ал дагы жердин түбүндө. Келиндер түнкүсүн толготуп калганда же бала сыркоолоп калганда такси чакырыш керек болуп калат. Ага чөнтөк да чак келбейт. Таксилер оңой менен да келбейт. Карапайым эл эптештирип эле жашап, өз киндигин өзү кесип, жашап келатат. Болгону мыйзам чегиндеги нерселерге чоңдор жокко чыгарбаса, дегеним, биздин конуш пайда болгондо мектеп, бала бакча, ФАП кошо салынышы керек эле. Ал неге жок?

— Ушул маселелер боюнча айыл өкмөтүнө, мэрияга, депутаттарга кайрылып көрдүңөр беле? Он жыл ичинде алар каттаса керек, жок дегенде шайлоодо келдиби?

— (Күлүп) Туура, алар  шайлоодо гана келишет, анан баягы эле баягыны айтышат, “кылабыз, кыйратабыз” дешет. Карапайым калк ушунчалык баео келет экенбиз, алар жакшы сөз айтса эле сүйүнүп алданып калат экенбиз. Алар ушундан колдонот экен. Ар бир беш жылда алданып турабыз, алданып эле келатабыз.

— Кечирип койгула, акчага алданып калган жоксуңарбы? Шайлоодо акча таратылары жашыруун деле эмес да?

— Туура, шайлоодо акча таратылат. Ооба, аны пайдаланып кеткен жашоочулар да бар. Мен өзүм үчүн эле жооп берейинчи, мисалы, мен алган жокмун жана добушумду акчага сакпайм дагы. Биздин жашоочулардын азы гана болбосо, көбү таза, баео адамдар. Бул конуштун пайда болгонуна он жыл болсо, менин келгениме төрт жыл болду. Ошондон бери кимдин ким экенин жакшы эле билип калдым. Келгенде эле көйгөйлүү маселелерди көрүп, аны көтөрүп, чуркап көрдүм. Үч жыл мурда бала бакча салуу боюнча жашоочулардан кол топтогом, 200 адамдын колу коюлган кагаз азыр деле сакталуу. Анда айыл өкмөтү башка киши болчу, ал азыр ал жерде жок. Айыл өкмөтүнө да кирүү кыйын, андыктан анын орун басарына кирип, маселени айтсам, ал кайра “жеке бала бакча сатып алгыла” деп койгон. Кыскасы, мыйзамдуу мектеп, бала бакча эмнеге салынган эмес деген суроого жооп ала албай келатабыз. Мектеп салуу боюнча АРИСтин бир кишисине жолугуп сурасам, ал: “тынымсыз грантка жазып тургула, утуп алышыңар ыктымал. Грант менен жылына ар кайсы райондон утуп алгандар бар. Жазгыла, катышкыла”,-деп койгон. Кыскасы, барбаган жерим, какпаган эшигим калган эмес. Көңүл калды. Аягында айла жок, журналисттерден жардам сурап чакырдык. Сиздер жазсаңыздар, ЖК депутаттары, Өкмөт угуп, окуп калып, маселебизди оңго чечип берээр деген ниеттебиз.

— Жашоо-шартыңар кандай? Свет, таштанды, таза суу маселеси кандай болууда?

— Жогоруда айткан чоң маселенин жанында бул маселелер бизге майда эле болуп калган. Бул маселени чечип алганбыз. Таштандыны алып кетүү үчүн акча чогултуп беребиз, атайын машина келет, жума сайын чогултуп кетет. Свет Кудайга шүгүр, өчпөйт. Былтыр чурулдап атып трансформатор койдуруп алдык. Эл деген эл да. Бир нерсени айтып атып кылдырабыз. Жолдун жаманын айтсак, жылда эле шагыл төгүп коюшат. Ал чөгүп кетип, кайра эле баткак-ылай. Ошондон улам балдарыбыз мектепке кышында кошумча бут кийим алып кетишет. Мектептин ичинен которуп кийишет. Ал бут кийим барганча муздап калат, муздакты кийип ооруп калгандары же бут кийимин жоготуп келгендери бар.

— Пригородное айыл аймагындагы мектепте мугалимсиңби? Балдардын билим сапаты кандай болууда?

— Башкаларга салыштырмалуу супер деп айтууга болбойт, эми жаман деп да айтууга да болбойт. Мугалимдер колдон келишинче билим берип, сапатын көтөрүүгө аябай эле аракет кылып жатышат. Мугалимдер жетишсиз болуп эле жүрөт. Мен Пригородное айыл аймагындагы мектепте бир аз иштеп кеткем, ал жерге кайра декреттен кийин барышым ыктымал. Тарых сабагынан балдарга сабак берчүмүн. Өзүмдүн кесибим ушул, КУУдагы тарых факультетин бүткөм. Эмгек жолумду ЖОЖдон баштагам, БГУда, И.Арабаев атындагы КМда иштедим. Азыр болсо убактылуу үй кожейкесимин, төрт баланын энесимин, балдарымдын мугалимимин.

— Конушуңарда дүкөн көп экен. Мончо көрүнбөйт, кайда барасыңар?

— Элден айланса болот. Эл өзүн өзү багып, заманга жараша жашоосун оңдоп, үйүнүн ичине душ киргизип жаткандар бар. Ар бир үй-бүлө 4 участокто жашайт. Ошол кичинекей эле жерге көп нерсени кылып, жашоосун улантууда. Мончо иштеткендер бар, ошого барабыз.

Айгүл МАМЫШОВА: “Жолдун азабынан транспорт каттабайт”

Жашоочулар “Үмүт” дүкөндүн жанына чогулушкан экен. Анын ээси — Мамышова Айгүл айымды да кепке тарттык.

— Айгүл айым, бул жерге кайсы жылы келип, качан дүкөн ачкансыңар?

— 2012-жылы келгенбиз. Жер алып, үй салдык. 2013-жылы дүкөн ачып иштеттик. Конушубуздун аталышынан улам эле “Үмүт” деп атап алганбыз. Темир контейнер сатып алып, павильон ачып, сооданы баштаганбыз. Азыр болсо өзүбүздүн эле жер тилкебизге дүкөн салып, ошону иштетип жатабыз. Кредит алып, сооданы баштагам. Жаман эмес, жакшы эле, кардар Кудайга шүгүр.

— Карызга сурагандар болсо керек, бересиңерби?

— Бул жер айыл эле да, шаар четиндеги кыштак десек болот. Айылдагыдай эле да аласа-бересе кылабыз, карызга товар беребиз. Бербесең болбойт.

— Дүкөнгө кирген эл арманын айтса керек. Элдин жашоосу кандай?

— Ооба, албетте, кошуна болгондон кийин бири-бирибиздин жашоо-шартыбызды жакшы билебиз. Көп балалуу болуп, жашоодон кыйналгандар бар. ФАП жок, кош бойлуу келиндер тээ алыс жакка барып кыйналышат. ФАПка салынчу жер бар, аны мечит курганы молдолор сурап жатыптыр деп угуп жатабыз. Бизде эки мечит бар, ошол жетет. ФАПка өтө зар болуп турабыз. Элдин көтөргөн маселеси менен көп нерсе чечилип жатат. Мына былтыр светтен кыйналдык, аябай өчтү. Ошонун азабынан канча деген адамдын телевизору, муздаткычы бузулду. Кайра-кайра өчө бергенинен менин чоң муздаткычым бузулуп калган. Быйыл өчпөгөнү менен ток өтө начар, мына көрүп жатасыз, үлбүрөп күйөт. Дагы былтыр какшап жатып трансформатор койдуруп алдык. Жол жаман, көрдүңөр да. Ошону айтсак эле шагыл төгүп коюшат. Андан көрө асфальт төшөп беришсе жакшы болмок. Жолдун азабынан транспорт дагы каттабайт. Автобус жарым саатта бир келет. Аны зарыгып күтүп, үшүгөн эл менин дүкөнүмө корголоп киришет. Өзгөчө кышында элге оор, ушул мезгилде бат-бат каттаса жакшы болмок.

— Салык жагы кандай болууда, ал жагынан көйгөй жокпу?

— Жо-ок, патент менен иштейм. Азыр дүкөндүн квадрат метрине жараша салык төлөйм, айына 1700 сом. Светти да коммерциялык акыда төлөйм: 2 сом 54 тыйындан, айына үч миңден чыгат. Буга кейибейм, себеби, ал акчалар пенсияма кетет экен да, пенсиямды камсыздандырып жатам.

— Кайсы окуу жайын бүтүп, кайсы кесиптин ээси болдуңар эле?

— Мен Суусамыр айылында төрөлгөн, анда биздин айыл Нарын облусуна карачу, азыр Чүй облусуна карайт. Көп балалуу үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойгом. Ата-энебиз он төрт баласына жакшы тарбия берди. Апам Баатыр эне, 77 жашта, айылда, кичүү инимдин колунда. Атабыздан 1989-жылы ажыраганбыз. Өзүм 43 жаштамын. Мектепти 1992-жылы бүткөм. Ошол жылы Союз урап, завод-фабрика “кулап”, элдер жумушсуз калып, кайра куруу башталып, турмуш татаалдашып турган учур болчу. Ошондон улам, Жогорку окуу жайда окуй алган жокмун. Ошентсе да, андагы “Портной-женской одежды” аттуу аялдардын окуу жайын бүтүргөм. Он жыл тигүүчү цехте тигүүчү болуп иштедим. 2000-жылы турмуш туткасын кармадым, Баткенге келин болдум. Бир балабыз бар, ал он жашта. Дүкөндү балам экөөбүз иштетебиз.

Нурланбек КАСЫМОВ, айдоочу: “Он автобустун төртөө сөзсүз бузулат”

Үмүт жаңы конушуна жалгыз каттап жаткан 22-автобустун айдоочусу Нурланбек Касымовдун унаасына түшүп, учкай маек курдук. Жалпы жолунан алганда он жылдык стажы бар экен. 22-автобусту айдап жатканына бир жыл болуптур. “Сейрек каттап элге көйгөй жаратып жатыпсыңар, себеби эмнеде? Ага өзүбүз деле күбө болдук”, — десек эле ал айдоочулардын көйгөйүн айтып кирди.

-Жалпысынан алганда 14 автобус бар. Күнүгө анын ону таң эрте ишке чыгып, кечке чейин эл ташыйт. Жүргүнчүлөрүбүз да – пенсионерлер же окуучулар. Пенсионер бекер жүрсө, окуучу 5 сом төлөйт. Төлөгөндөр аз түшөт. Себеби, конкуренция көп. Бул жактын аягы Үмүт болсо, тигил жак — Дордой. Дордой жакта маршруткалар көп. Тиги, бул башына бир саат он беш мүнөттө жетебиз, эгер жол тыгын болбосо же автобус бузулуп калбаса. Он мүнөттө бир каттап турабыз. Же түштөнгөндө, ашып кетсе 5 мүнөт кармалып калышыбыз мүмкүн. Автобус бузулуп калганда убакыт созулуп кетет. Жолдун жамандыгынан автобустар көп бузулат, күндө он автобус чыкса, анын төртөө сөзсүз бузулат. Ошондой нерселерди элге түшүндүрүүгө аракет кылабыз, аны түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Элден күндө эле тил угабыз, ага кулак деле бышып калды. Каалаган жеринен токтотушат. Мына Үмүттө аялдама жок, карыш жерден эле токтой беребиз. Азыр эл да жалкоо болуп бүттү. Бир аз ары жылганда эле кайра токтото берет. Ошонун баарын биз көтөрүп эле келатабыз. “Ар бир кесиптин оорчулдугу бар” дегендей, биздин деле иш оңой эмес. Таң эрте туруп, кеч кетебиз. План төгөбүз күндө, план болсо күндө өзгөрүп турат. План толбой калса, анда айлыктан кармалат. А айлык да аз. Өкмөттүн куюп берген майы да жетпейт, актабайт.

-Жол кирени көтөрүү маселеси качантан бери эле айтылып келе жатат. Айдоочулар колдобосо, эл каршы. Элдин чөнтөгү аны көтөрө албайт. Буга кандай көз караштасыз?

-Жол кирени көтөрүү маселесин биз көтөргөн жокпуз, аны маршрутка айдагандар көтөрдү. Андыктан андай чогулуштарга катышкан жокмун. Бирок, колдойм.

Сактанбек ПАЯЗОВ, айыл өкмөтү: “Быйыл эки мектеп салынат”

Пригородное айыл аймагынын айыл өкмөтү Сактанбек Паязовго капысынан жолугуп, маектештик. Анын айтымында, аталган аймакка 4 айыл, 5 жаңы конуш карайт. Бирок, анда азыр канча калк жашап, канча жер бар экенин билбейт экен. Учурда ошонун үстүндө иштеп жаткандыктан азырынча ал боюнча так маалыматы жок. Үмүт айылынын көйгөйү боюнча сурасак, көп конуштардыкындай эле көрүнүш экенин айтты.

-Айрыкча жаңы конуштардын көйгөйү көп. Жаңы конуш болгондуктан аларга жол, суу, электр энергия керек дегендей, ошого байланыштуу проблемалар бар. Электр энергиясы Үмүт, Салкын, 14-ГА, Достук айылдарында проблема болуп турат, ошону биз колдон келишинче, бюджеттин жетишинче аракет кылып чечүүдөбүз. Четинен карагай, трансформаторлорду коюп жатабыз. Үмүткө былтыр октябрда трансформатор койдуруп бердик, быйыл дагы эки-үчтү коюп берели деп пландадык. Ушунун баарын жергиликтүү бийликтин бюджетинен жасап жатабыз. Бюджетти карап отура бербей сырттан дагы инвестиция кароодобуз. Сырттан ар кайсы, ар кандай каржы булактарды таап, аларга өзүбүздүн сунушубузду көрсөтүп, долбоорлорду өткөрүп берүүдөбүз. Ошонун негизинде да биз бир канча маселелерди чечкенге аракет кылып келатабыз.

-Мисалы кайсы маселелерди чечип жатасыздар?

— Акыр-чикир, таштандыларды ташый турган машиналарды алып келдик, ал бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Мурда ГАЗ-53 деген машина иштеген болсо, азыр MAN деген чоң машина иштейт. Ал эки-үч машинанын ишин аткарат, эки-үч айылдын таштандыларын бир алып кетип жатат. Дыйкандардын чөп, беделерин престеп жыйноо үчүн атайы трактор керектигин эске алып, аларга кам көрүү максатта биз былтыр бизнес план түзүп, долбоор менен АРИСке кирсек, алар карап көрүп жактырып, техника бөлдү, трактор алып келдик. Техника жагын айтсак ушундай, бул маселе чечилип калды. Негизи Пригородное саздуу жер келет экен. Камыш басып тазаланбаган жерлер бар болчу, ал чечилди. Суу үйлөрдүн фундаментине чейин кирип кеткен, ал жерлерди бетондотуп, ал проблеманы чечкенбиз. Мисалы, Үмүт конушунда элдин подвалына чейин суу каптап, кийиздеринин алды суу болчу, азыр ал маселе жок.

— Жолуңар жаман экен, ошонун азабынан 22-автобустан башка транспорт каттабайт экен. Эл да ушул маселени айтып жатат. Жол, транспорт маселеси качан чечилет?

— Жолдор өзүнүн ордуна келгенсип жатат. Ар бир жаңы конушта жол маселеси бар. Ар жыл сайын жазында шагыл төктүрүп жатабыз. Жамгыр жааган сайын ал жерге чөгүп кете берет экен. Жазында дагы шагыл төктүрөбүз. Жолго байланыштуу транспорт сейрек каттап жатат. Бир мезгилде жакшы эле жүрчү экен. Жол кирени көтөрүү маселеси боюнча чогулуш болуп, ал жерге бардым. Ошондо ушул маселени көтөрүп, “райондук, облустук деңгээлде чечпесек болбойт, көйгөйлүү маселе боюнча калууда” деп акимге айтсам, ал жеке көзөмөлүнө алып, чечкенге аракет кылаарын айтты. Жол кире көтөрүлсө элге кыйын болуп калаарын, аны элдин чөнтөгү көтөрө албасын да айттым. Элдин маселесин чечүүнү аракет кылып жатабыз. Ошондуктан калк менен карама-каршылык, нааразычылык жок, ал эми көйгөй бар.

— Үмүттөгү эң чоң көйгөй – мектеп, бала бакча, ФАП экен. Ушул үч маселе боюнча бизди эл чакырды эле. “Анын жери сатылып кеткен” деген имиштерди айтышты, анын канчалык чындыгы бар?

— Бул чоң маселе бир гана Үмүттө эмес, жалпы Пригородное айыл аймагынын көйгөйү. Ал жердеги мектеп 320 балага ылайыкталып салынган, азыр ал жерде 1500 окуучу окуп жатат. Ал эми Озерное айылындагы мектеп 200 окуучуга ылайыкталса, азыр 1700 бала окуп жатат. Мына, ушунун баарын эске алып, эки жылдан бери мектеп куруу боюнча каерге гана барбадык. Буйруса, бул маселе быйыл чечилүүнүн үстүндө турат. Инвесторлор табылды, Сауд Арабиясынын фондусунан эки мектеп курула турган болду. Тизмеге кирди, Билим берүү министрликтин учетуна алынды, мамлекеттик курулуштун планына кирди.

— Ошондо мектеп кайсы айылга салына турган болду? Эки мектептин бири Үмүт айылына салынабы?

— Эки мектептин бири – Озерное айылына 375 орундук, экинчиси — Пригородноего 500 орундук менен салына турган болду. Март айында курулуш иштери башталат. Үмүт конушундагы окуучулар дагы ушул жаңы мектепке барып окушат. Мен буга чейин Октябрь айыл өкмөтүндө иштеп келгем. Ал жакта да мектеп көйгөйү бар экен, аны чечүү үчүн инвестор таап, бир мектепти ишке киргизип келгем. Андыктан бул маселени эң жакшы билем жана түшүнөм.

— ФАП салына турган жер бар турбайбы. Жашоочулардын айтымында, ал жерди молдолор мечит курууга деп сурап жатышыптыр го. “Мечит курулушуна каршы эмеспиз, бирок ал биздин конушта жетиштүү. Ошол жерге ФАП курулса, кош бойлуу келиндерге жана балдарды көрсөтүп турганга жакшы болот эле”, — дешүүдө. Бул жер боюнча кабарыңыз бар болсо керек, ал кандай чечилүүдө?

— Ал боюнча да маселе көтөрүлгөн. Ооба, ФАП жетишсиз. Ал боюнча кагаз жүзүндө жергиликтүү депутаттарга кайрылдык. Уруксат берилсе эле ФАП курулуп калышы мүмкүн. Жаңы конушта муктаждыктар көп болот. Муктаждык бар жерде нааразычылык болот дегендей. Ошол эле бала бакчага муктаждык бар. Баарын чечүүгө аракет кылып жатабыз. Келечекте болуп калаар. Эми Москва деле бир күндө курулган эмес да. Кылган ишиңди айтсаң да, айтпасаң да элге жакпайсың.

— Пригородное айыл аймагына караган жаңы конуштарда канча калк жашайт, анын канчасынын кызыл китеби бар, канчасыныкы жок? Канча кайрак жана бош жер бар?

— Ушунун баарынын эсебин чыгаруу түйшүк да. Мыйзамдуу, мыйзамсыз алынган жерлер бар. Басып алгандары бар. Ушунун баарын териштирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Андыктан азыр бизде так маалымат жок. Кийинчерээк жооп берели.

Айчүрөк ИСМАНОВА, мектеп директору: “Мугалим деле адам да, темир эмес”

Пригородное айыл аймагында жайгашкан мектепке барып, директору Айчүрөк Исманова менен маектештик. Анын айтымында, аларга азыр башталгыч класстарга орус тилинен сабак берген мугалим жетишпейт.  

-Айчүрөк айым, айыл өкмөтүнүн айтуусу боюнча 320 окуучуга ылайыкталган мектепте 1500 бала окуп жатыптыр. Ал эми ата-эненин айтуусу боюнча, төрт смен менен окушат экен. “Класстын тардыгынан улам спорт залына төрт класс кирип, кыйкырып окуган күндөр болгон”,- дешти. Азыр деле ошондой акыбалдасыздарбы?

-320 окуучуга ылайыкталган мектепте 1500 окуучунун окуп жатканы ырас, айыл өкмөтүнүн маалыматы туура. Себеби, биз ушундай көйгөй менен аларга катты көп жазабыз. Ал эми ата-энелердин айткандары да туура, бир кезде окуу кабинеттердин жетишсиздигинен улам спорт залында окуучуларды окутууга муктаж болгонбуз. Эми бул эки жыл мурда болгон, убактылуу кыйналган көрүнүш эле. Ошондо балдардын саны өтө көп болгон. “Класс жетишсиз” деп балдарды мектепке албай коюуга да акыбыз жок. Балдар көбөйүп кеткен учурда биз алардын ата-энеси менен сүйлөшүп, убактылуу кыйналычты айтып, түшүндүрөбүз. “Акыбал ушундай, ушундай шартка чыдайсыздарбы?”, — деп сурайбыз. “Чыдайбыз” дешкен. Алар макул болду деп отура бербейбиз. Кыйын кырдаалдан чыгуунун жолун издейбиз. Айыл өкмөтүнө кат жазсак, алар биздин сырттагы сарайлардын ичин оңдоп, балдарга ылайыктап жасап берген. Кышында жылыткыч коюп берди. Класстын ичи жылуу. Ал жерде 7-8-класстын балдары окушат. Аны барып көрсөңөр болот. Биз айыл өкмөтү Сактанбек Паязов менен чогуу чаран иш алып барабыз. “Быйыл эки мектеп курулуп, бүтөт” деп угуп, сүйүнүп жатабыз. Укканда эле көзүбүзгө жаш алдык, бүтүп ага балдарыбыз киргенде эмне болобуз билбейм.

— Бир класста канча окуучу бар жана алар бир партада канчадан отурушат? Окуучулар көп болсо, алардын билим алуу сапаты кандай болууда? Ушунча балага мугалимдер жетиштүү элеби?

— Эмнеге биз 4 смен кылдык? Билим сапаты төмөндөп кетпесин деп ушундай кадамга барганбыз. Учурунда бир партада үч-төрттөн отургандар болду, азыр жок.  Жазганда бири-бирине жолтоо болот деп сменге бөлгөнбүз. Бир кезде бир класста 50 окуучу болгон учур болду. Быйыл андай көрүнүш жок, азыр бир класста 30 окуучу. Төрт смен менен окуу окуучуга кыйын. А эмне мугалимдерге оңойбу? Аларга да кыйын. Алар да адам, темир эмес. Алардын да үй-бүлөсү бар. Өзүмдү айтпай эле коеюн, завучтарга кыйын болду. Таңкы жетиден кечки сегизге чейин мектепте жүрүшөт. Алтынчы күнү да иштешет. Бир эле күн эс алышат. Биздин мектептин мугалимдери менен мен сыймыктанам жана ыраазымын. Бизде мугалимдер жетиштүү, болгону орус тилинен сабак берчү мугалим жетишпейт. Мугалимдердин жашынын алды алтымышта, орто жаштагылар. Бизге жаштар келбейт, келсе да чыдабайт. Жарым же бир жыл чыдашат, анан кетип калышат. Анткени мугалимдин иштей турган кагазы көп жана эмгек акысы аз. Жаштар андай маянага да макул эмес. Патриот мугалимдер эле чыдап иштеп келатышат. Ушул мектепте директор болуп иштеп келатканыма 12 жыл болду. Ошондон бери далай мугалимдерди көрдүм. Биздин мугалимдер мыкты, талапты катуу коюп окутушат. Ошондуктан  балдардын билим сапаты төмөн эмес, жакшы. Билим жагынан бизде көрсөткүчтөр бар. Былтыр республикалык олимпиадага математика боюнча окуучубуз катышып, 2-орунду алып келди. Кыргыз тилинен да катышып, татыктуу орунга ээ болду.

— Тамак-аш жагы кандай, жетиштүүбү?

— Жети сомду мамлекет, жети сомду ата-эне берет. Он төрт сомго балдар жакшы тамак ичишет. Балдардын социалдык жагы да жакшы каралат бизде, аны менен атайын социалдык педагог иштейт. Айрым ата-эне турмуш-шартка байланыштуу башка жакка иштеп кетип, балдарды туугандарына таштап кетишет. Андайларды учетко алабыз, алар зордук-зомбулукка туш болгон жокпу деп тынчсызданабыз. Бул өтө оор жана чоң жумуш. Мына ушунун баарын биздин мугалимдер аткарып жатат.

-Бут кийимдерин уурдатып койгон учур болот экен, колу туткактар барбы?

— Мектептин ичин таза кармаш үчүн балдар үйүнөн кошумча бут кийим ала келет. Болбосо ушунча бала баткак кылса, анда мектептин ичи ылай-баткакка айланат. Көрдүңүздөр да, мектеп таза, жылуу. Балдар бут кийимдерин алмаштырганда аны ар кимиси өзүнчө бир шкафчикке кулпулап койсо деп кыялданам, ал кыял да келечекте ишке ашып калаар. Азырынча андай шарт жок. Ошондон улам, айрым балдар бут кийимдерин жоготуп алып жатат окшойт. Эми бала деген бала да. Мектептин ичинен эмес сырттан жоготуп коюшса керек. Себеби ичине унутуп кетсе, биз сөзсүз алып катып коебуз, келгенде алышат. Жоготпоо, уурдатпоо жана уурулук кылбоо боюнча биз балдар менен атайы тарбиялык иш-чара өткөрөбүз.

— Жогорку класстар ылдыйкы класстарга чоң болушат эмеспи. Силерде рэкет жокпу?

— Эми идеалдуубуз, андай жок деп да айта албайм. Бар деп айтуудан да алысмын. Кудай сактасын, катталган чоң маселе жок, майда-барат болуп калат. Андай маалыматты угаарыбыз менен дароо териштиребиз. Бизде тартип катуу, окуучуларга тарбия-таалим берүү жагы жакшы өздөштүрүлүп, калыпка салынган.

Кошумча суроодон качкан айыл өкмөтү, көзүнө жаш алган директор…

Баарын угуп отуруп, кандай жыйынтык чыгардык? Үмүт айылында жол чындап эле жаман экен. Бир гана 22-автобусту зарыгып күтүшөт экен. Алар менен кошо биз дагы баратып, келатып күттүк. Үшүдүк. Элдин көтөргөн маселеси туура. Ал конушка сөзсүз мектеп, бала бакча, ФАП салынышы керек. Мектептин директору Айчүрөк Исманова чындап эле окуучуларга күйгөн мугалим экен. “Эки мектеп курулат” дегенди угуп кубандык” деп айтып жатып, үнү каргылданып, көзүнө жаш алды. Чындап эле анын жан-дүйнөсү балдар болуп калыптыр. Жакшы иштеген үчүн бир мектепти 12 жылдан бери башкарып келатса керек. Ал эми айыл өкмөтү С.Паязовдун жашоочулардын саны, жер боюнча так маалымат бере албаганы күмөн жаратты. “Жолугалы, отурган жериңерди көрөйлү, кошумча суроолор бар. Канча адам айыл өкмөттө иштейт?”, — деп экинчи жолу чалсак, “биздин отурган жерди жазуунун кереги деле жок, кийин маалымат берели”, — деп жолугушуудан баш тартып койду. “Мектептин жанында эле жайгашыпсыңар, дарек кандай? Азыр бара калалы”, — десек, “мен суу маселеси боюнча чыгып жатам”, — деп качып койду. Ага чейин эл менен жолуккандан кийин жолдон кармап калганбыз. Ошондо: “Алтынчы күнү эмне кылып жүрөсүз?”,- десек, “Биз 6-күнү да иштейбиз, азыр да конторода балдар иштеп жатат. А мен болсо дем алыш күндөрү эл аралап, көйгөйүн карайм. Мындай күндөрү кабинеттен жылбайм”,- деп мактанган эле. Көрсө, капысынан кармап калган үчүн суроолорубузга жооп бериптир, болбосо карматпаган киши турбайбы деген ойдо калдык. Качканы шек жаратты. Себеби, эки жылдан бери элдин, жердин саны боюнча так маалыматы жок болууда. Эки жылдан бери эмне иш кылып жатат? Жашоочулар “чоңдор шайлоодо келишет” дебедиби. Президенттик шайлоо деле өттү, ошондо деле тактаса керек да. Буга чейин бир дагы айыл өкмөтү бизден качкан эмес, жашоочулар жана жер боюнча так маалыматты кагаз жүзүндө чыгарып да, оозеки да жооп берген. Бул факт, алардын маалыматы гезиттерде бар, Сактанбек Паязов сураса деле көрсөтүп беребиз. Бул бир. Экинчиден, “эртең Үмүт жаңы конушунун эли менен жолугам”,-деген. Ал жолугушуу боюнча сурасак, “жолуктум, жолугушуу ийгиликтүү өттү” деген, ал эми ал жердин жашоочулары барбаганын айтты. Анда ал кимдер менен жолукту?

Камырабаган басма сөз кызматтары…

Ал эми Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып, Үмүт жаңы конушунда мектеп жок болгондуктан Пригородное айыл аймагындагы мектепке окуучулар барып окуп, кыйналып жатканы боюнча кайрылсак, алар “бул маселе боюнча Бишкек мэриясына кайрылыңыздар” деп койду. “Жок дегенде республика жана Бишкек боюнча канча мектеп бар?”,- деп атып, акыры “Өлкө боюнча 2262 мектеп, Бишкекте 96 мектеп бар” деген жоопту алдык. Билим берүү министри деле канча мектеп бар, кайсы мектептин, окуучулардын абалы кандай экенин боюнча Өкмөткө деле маалымат берет да. Мэриянын басма сөз кызматына да кайрылып, Үмүт жаңы конушунун көйгөйлүү маселеси боюнча сурасак, жооп жок. Аябай күттүк, акыры жок дегенде “Бишкекте канча конуш бар, жок дегенде ушуга жооп берип койгула”,- деп атып Бишкекте 47 жаңы конуш бар экенин билдик. Мына окурман, ушундай. Биз, журналисттер, маалыматты жаңы, дароо алып, бардык тарапты калыс чагылдыралы деп аракет кылабыз. Анан эле өздөрү суроодон качат же оңой менен жооп бербейт, анан журналисттерди жамандашат. Төртүнчү бийлик өкүлдөрүн ушунча убара кылып жаткандан кийин, карапайым элге жооп берерине деле ишенбей калдык. Эмнеси болсо да, Үмүт конушунун үмүтү ишке ашаар… Ишке ашканча дагы эле болсо байланышта болобуз, биз эл мененбиз!

Даярдагандар Назира СААЛИЕВА,

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Сүрөттөр автордуку

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.