Чынара КАПАРОВА: «Илим Карыпбеков жетекчиликке кайра калууга моралдык укугу жок» (ВИДЕО)

Чынара КАПАРОВА: «Илим Карыпбеков жетекчиликке кайра калууга моралдык укугу жок» (ВИДЕО)

Бүгүн, 30-январда, Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү (2017-жылдан бери) болуп келген Айгүл Жунушалиеванын ордуна Маркабай Ааматовдун, Чынара Капарованын, Атыркүл Сарыбаеванын, Мирбек Мурзабековдун, Нургазы Мусаевдин талапкерлиги каралып, ал ызы-чуу менен коштолуп, акыры тандалып, бекитилди. Депутаттар эки жолку жашыруун добуш менен беш талапкердин ичинен Атыркүл Сарыбаеваны (77 добуш менен) тандап алышты. Тандоодо кызыктай жагдай жаралды. Түшкө чейинки добуш берүүдө (79 добуш менен) Чынара Капарова алдыга озуп чыккан эле.

Алгачкы добуштун жыйынтыгы мындай болгон:

Маркабай Ааматав — макул 31, каршы 51;

Чынар Капарова — макул 79, каршы 16;

Атыркүл Сарыбаева — макул 60, каршы 33;

Мирбек Мурзабеков — макул 22, каршы 64;

Нургазы Мусаев (биринчи добушка катышпай калганы үчүн) добуш алган эмес.

Кайра добуш берүүгө эмне себеп болду?

Биринчи добушка беш талапкердин ичинен Нургазы Мусаев катышпай калганы себеп болду окшойт. Ал жок эле төрт талапкерге депутаттар добуш берип жиберген. Анан депутат Садык Шер-Нияз бул маселени козгоп, ал жыйынга келбей калган талапкерге добуш берилбей калганы мыйзам бузууга жатарын айтты, аны башка депутаттар “туура” деп колдоду. Депутат Талант Мамытов да добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, бюллетень аркылуу кайра добуш берүүнү сунуштады. Т.Мамытовдун мындай сунушун вице-спикер Аида Касымалиева добушка койсо, аны 80 депутат колдоду. Ошентип, кайрадан добуш берүү болуп, ага бешинчи талапкер Нургазы Мусаев да катышып, төмөндөгүдөй добушка ээ болушту.

Маркабай Ааматов – макул 18, каршы 75;

Чынар Капарова — макул 61, каршы 39;

Атыргүл Сарыбаева – макул 77, каршы 37;

Мирбек Мырзабеков — макул 31, каршы 68;

Нургазы Мусаев — макул 56, каршы 45.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Чынара Капарованы өткөзбөй коюп, уят эле болдук”

Депутаттардын мындай “кылыгы” социалдык тармактарда катуу талкууланууда. Бул боюнча Фейсбук баракчасы аркылуу депутат Каныбек Иманалиев мындай пикир жазды: “КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө адегенде эле көп добуш алган Чынара Капарованы өткөзбөй коюп, маарага биринчи келген күлүккө байгесин бербей койгон абалга кабылдык. Уят эле болдук”.

Чынара Капарова өзү эмне дейт?

Белгилүү диктор, журналист Чынара Капарова бүгүнкү добуштун жыйынтыгы боюнча пикирин билдирген. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Атыркүл Сарыбаева деген ким?

Сырдуу, табышмактуу адам Атыркүл Сарыбаева жөнүндө эч жерде толук маалымат жок. Болгону 1996-жылы КТРКда, учурда «Алтын үрөн» жеке чарбасында иштеп жатканы гана жазылган. Ал мурда дагы Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп, акыркы орунда калган экен. Аны бүгүнкү жыйында депутат Рыскелди Момбеков ачыктады. Ал А. Сарыбаевадан мурунку шайлоодо канчанчы орун алганын сураганда, талапкер өтпөй калганын айтты. Р.Момбеков: «2018-жылы апрель айында сиз мындан мурунку шайлоого катышып акыркы орунду алгансыз. Бүгүнкү талаш-тартыштын бардыгы сиздин айыңыздан болуп жатат. Муну убагында тарых айтат», — деди.

Байкоочу кеңешти кимдер тандайт?

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент, бешөөн жарандык коом сунуштайт. Алардын сунуштаган талапкерлерин парламент тандайт. Парламент кандай тандаганын бүгүн көрдүңүздөр! Делеге депутаттар добуш берээрге келгенде 100 пайыз башка нукка бурулуп келатканына күбө болуп эле келатпайбызбы!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.