Алты жыл кызын камап, сабап, катып келген эненин айыбы ачылды…

Алты жыл кызын камап, сабап, катып келген эненин айыбы ачылды…

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 14 жаштагы Диана аттуу кыз эркиндикке чыкты. Аны апасы алты жыл бою үйдөн чыгарбай, ур-токмокко алып келген. Үрөйдү учурган окуя тууралуу Алматыда сот отуруму болуп өттү. Кыздын апасынын күнөөсү далилденсе, 10 жылга соттолушу мүмкүн.

Сот залында Диана алты жыл жатаканадагы бөлмөдөн чыгарылбай кармалганын, конок келгенде аны апасы (Анна Иванова) шкафга жашырып турганын, оор шартта жашаганын, ур-токмоктон улам бир жолу жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн, оозу жана мурду кыйшайып калганын айтып берген.

Диана реанимацияга биринчи жолу 2011-жылы түшкөндө кошуналары, тааныштары көп нерсени угушкан. Анда кызды өзү эмес, чоң апасы таягы менен урганы айтылган. Мындан соң Диана менен чоң энесинин сүйлөшүүсүнө тыюу салынып, пенсионер Орусияга депортацияланган. Ошондон кийин кыз окууга барбай, такыр эле көрүнбөй калган. Кызын сураган тааныштарына Орусиядагы чоң апасынын колунда тарбияланып жатканын айткан. Бир күнү анын айыбы ачыкка чыккан. Анна Иванованын таанышы Надежда Борсукова азык-түлүк алып, үйүнө барып, кокустан Диананы көрүп калган. “Жерде матраспы же үйүлгөн чүпөрөк-чапырактарбы, азыр эсимде жок, кыймылдай баштады. Мен коркуп кеттим. Коңшуларыбы деп ойлодум. Анан эле кыз чыкты, ошондо Диананы биринчи жолу көрдүм”, – деди Надежда Борсукова. Надежда Борсукова “өспүрүм кызды мындай жагдайда калтырууга болбойт!” деп, апасынын макулдугу менен Диананы асырап алган. Эркиндикке чыккан Диана эми гана мектепке бара баштаган. Ал эми анын апасын темир тор күтүп турат. Күнөөсү далилденсе, он жылга кесилиши ыктымал.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.