Кыргыз эл артисти Керим Турапов жетекчи болду

Кыргыз эл артисти Керим Турапов жетекчи болду

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын мурдагы жетекчиси, ырчы, Кыргыз эл артисти Керим Турапов Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Мурунку башкы директору Болот Осмонов өз арызы менен кызматынан бошотулган.

Опера жана балет театры сынга кабылып эле келатат. Алсак, 2015-жылы сахнасына дасторкон жайылып, белгилүү аткаминерлердин балдары туулган күн өткөрүп, катуу сынга кабылган эле. Ушул жылдын 19-январында театрда «Dota 2» (бул киберспорт, тагырагы спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү. Кыргызстанда Киберспорт федерациясы 2016-жылы түзүлгөн – авт.) тармактык компьютердин оюндарынын мелдеши болуп, ал жерде иштеген айрым чыгармачыл адамдарга жакпай, алар Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго арызданышкан. Министр театрдын жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги каралаарын билдирген. Элдин арызы аткарылып, бүгүн жаңы жетекчилүү болушту. Турапов Керим агайыбызга ийгилик каалайлы. Ал буга чейин Филармониянын бир топ иштерин алдыга жылдырып, тартипке келтирген. Опера жана балеттеги кемчиликтерди оңдойт деп ишенебиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.