Парламентте талашты жараткан Атыркүл Сарыбаева — Кымбат деген ырчы экен… (ВИДЕО)

Парламентте талашты жараткан Атыркүл Сарыбаева — Кымбат деген ырчы экен… (ВИДЕО)

Кечээ, 30-январда, Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө 5 талапкер (Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев) тандалып, депутаттар ызы-чуу болуп атып, акырында Атыркүл Сарыбаеваны тандап алышкан. Добуштар боюнча кененирээк маалыматты бул ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Атыркүл Сарыбаева боюнча социалдык түйүндөрдө түркүн сөздөр жазылып, айтылуу. «Ал КТРде диктор болуп үч жыл эмес, үч ай гана иштеген» десе бири, бири: «Асылбек Жээнбековдун кудачасы экен» десе, дагы бири «ал ырчы» деп жазды. Ушунун баарын өзүнөн тактайлы деп издеп атабыз, таппай атабыз… Кыскасы, маек алууга аракет кылуудабыз. Азырынча ал боюнча далилдүү маалыматыбыз бул болду. Ал 2016-жылы “Алайдын жигиттери” деген ыр менен клипке тартылыптыр. Анда Атыркүл эмес, Кымбат Сарыбаева деп жүрөт. Андагы ырдаган ырын бу ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Парламентте талашты жараткан Атыркүл Сарыбаева — Кымбат деген ырчы экен… (ВИДЕО)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.