Журналист Канат Алмамбетовду ким коркутууда? Кесиптешибиздин өмүрү коркунучтабы?

Журналист Канат Алмамбетовду ким коркутууда? Кесиптешибиздин өмүрү коркунучтабы?

“ОК” радиосунун журналисти Канат Алмамбетовду кимдир бирөөлөр коркутуп-үркүтүп жатканы боюнча кабардар болуп, тилектештик кылып кесиптешибизге кол сунуп, учкай маектештик.

-Канат мырза, сизди кимдер коркутуп жатат: саясатчыларбы, спортсмендерби же..?

— Кесиптешиңерге тилектештик кылып, ал-акыбалымды сурап койгонуңарга  ыраазычылык билдирип кетейин. Алгач журналисттин иши боюнча бир аз токтоло кетсем, биздин кесип канчалык оор, кыйын экенин билгени бар, билбегени бар. Журналисттин иши ары жооптуу, ары кооптуу. Жооптуу дегеним, биз элге керектүү маалыматты өз убагында, факт менен жеткирип турушубуз керек. Элге көпүрө болуу милдетибиз. Ошон үчүн бизди төртүнчү бийлик дейт да. Ар бир материалды объективдүү чагылдырып, калыс, так берүүгө жооптуубуз. Иликтөө иштерде кыйынчылык жаралат, ошол кылган эмгегиңди эл бааласа жакшы экен. Ал эми кооптуу дегеним, ошол иликтөө айрымдарга жагат, кээ бирөөгө жакпай калат, ошондо өмүрүңө коркунуч жаралат. Мен муну эмнеге айтып жатам? Өткөндө, Ыйса машаяктын туулган күнүндө “ОК” радиосуна конокторду чакыргам. Эми алардын аты-жөндөрүн айтпай эле коеюн. Мына ошол эфиримден кийин коркутуу-үркүтүү башталды десем болот. Бир күндөн кийин коркуткан СмС келди, аны алгач оюма алган жокмун, тамаша катары кабыл алып койгом. Анан кайра жакшылап көз жүгүртсөм, ал жазууда өтө эле коркунуч жагдай бар экенин байкадым. Буга чейин радиого канча деген эфир жасап даярдадым, ошонун эң оору ушул – Ыйса машаяк жөнүндөгү эфир болуп калды окшойт.

— Ошондо алар агымдан адашкан кыргыздар болуп жатабы? Аларды эмне максат менен чакырдыңыз эле?

-Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетейинчи, биз, Кыргызстан деген мамлекетпиз, светтик өлкөдө жашап жатабыз, андыктан ар кимдин тандоосун түшүнүү, урматтоо менен кабыл алышыбыз керек. Бөлүнүү, жарынуу менен эч нерсеге жетпейбиз, бизге ынтымак керек. Түшүнбөстүктөн улам, азыр баарыбызга эле маалым, айрым аймактарда, өзгөчө айыл жерлеринде Ыйса машаяктарга ишенген адамдардын сөөгүн коюуга жер бербей, кордоп жатышат. Ошондон улам, алардын жандүйнөсүн билүү катары эфирге чакыргам. Менин максатым — алардын бейнесин ачып берүү эле. Анан аларга алгачкы эле суроом: “Силер кимсиңер, кайда баратасыңар, максатыңар эмне?”,-деген суроо болду. Ошондо эле бул суроом алардын арасындагы бирөөгө жакпай калганын анын кабак-кашынан байкап калгам. Бул бир. Экинчиден, биз журналистпиз, элди бөлбөшүбүз керек. Ал кайсы улут, кайсы динди тутунат ал өз иши. А биздин милдет — бардык нерсени калыс чагылдырып, иликтөөнүн ийинине жетүү үчүн каалаган суроону бере алабыз. Тилекке каршы, эфирге келген коноктор мени туура эмес түшүнүп алды. Чыр-чатактын баары түшүнбөстүктөн келип чыгат да, ынтымак менен чечүү жолун издебейбиз. Бул эмнени билдирет? Бул деңгээлибиздин түшүп кеткенин билдирет.

— Коркутуу-үркүтүүнүн арты эмне болуп бүтчүдөй? СмС жиберген киши менен бетме-бет сүйлөшө алдыңызбы?

— Жок, тилекке каршы, бетме-бет сүйлөшө албай жатам. Ал жөнөтүп коюп эле өчүк болуп калууда. Сүйлөшүүдөн качып жатат десем болот.

— Жашынып коркутуп жатса, анда ал бир агымдын ашынган күйөрманы да. Анын жазганы боюнча укук коргоо органдарына билдирдиңизби? Алар эмне деп, сизге кандай кам көргөнү жатат?

— Жок, билдирген жокмун, бирок, билдирейин деп атам. Азырынча адвокаттар менен сүйлөшүү жүрүүдө. Ошол боюнча азыр чуркап жүрөм. Жыйынтыгын сөзсүз билдирем.

-А өзүңүздүн Кудайга ишенимиңиз кандай, кайсы динди тутунасыз?

-Эми баарыбызга бир Кудай да. Аны бөлүп-жаруунун кереги жок, өзгөчө журналисттерге болбойт. Мен дин тууралуу бардык китептерди окуйм, салыштырып, анан жыйынтык чыгарам. Бир динди тутунган фанаттардан эмесмин. Үйдө Куран, Библия бар, экөөнүн ичи опокшош. “Башка бир диндин китебин окууга болбойт же кармабаш керек” деп эч ким тыюу сала албайт. Салыштырып окуп, анан жыйынтык чыгаруу керек. Журналист деген сырдуу, табышмактуу болуш керек, ачык китеп болбош керек деп ойлойм.

Маектешен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.