Президенттин көтөргөн маселеси… “Үмүттүн» алданып калганы боюнча каты…

Президенттин көтөргөн маселеси… “Үмүттүн» алданып калганы боюнча каты…

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышканын уккан айрым жерлердин жашоочулары: “бизге да мектеп жетишпейт” деп жазып чыгышты.

“Үмүттүн” үмүтү чоң…

Ал эми Үмүт жаңы конушунун жашоочулары биздин “Alakan.biz” сайтына дагы кайрылып, мектеп, бала бакча, ФАП куруу жана транспорттун каттоосу боюнча президентке кат даярдап жатканын айтышты. Төрт көйгөйлүү маселе боюнча биз аталган конушка барып, өз көзүбүз менен көрүп, жазып келгенбиз. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Биз барып жазып кеткенден кийин, жашоочулар 155-маршрутка каттап калганын кубануу менен кабыл алып, кабарлашкан эле. Анан бүгүн ал кайра каттабай калганын айтып, капаланышты. “Биз дагы алдандык. Ошондуктан айла кетип, президентке кат жазып, кол топтоп жатабыз. Себеби, президентке чындык жетпей жатат. Бүгүн президент мектептерди кыдырып, дал ушул биздин көйгөйлүү маселенин бири мектеп боюнча жакшы айтты. “Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ошол жерге жаңы мектеп куруларын айтты го”,-дейт жашоочулар.

“Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат”

Деген бүгүн мамлекет башчы. Тагырагы, Бишкектеги № 69, № 12-мектептерге барып, класстарды көрүп, окуучулар менен маектешкен. Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр — мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей турганын айтышкан.  Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө коп болуп жатканын баса белгилеген. «Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», — дейт президент Сооронбай Жээнбеков.

“Үмүт” жаңы конушунун маселеси боюнча биз жакында акимге, мэрге кайрылабыз. Жана алардын бул маселе боюнча даярдап жаткан катын президентке жеткиребиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.