Тирүүлөй күйүп кеткен беш наристе… Президент Нурсултан Назарбаев эмне деди? (ВИДЕО)

Тирүүлөй күйүп кеткен беш наристе… Президент Нурсултан Назарбаев эмне деди? (ВИДЕО)

Кечээ, 5-февралда Астанада үрөйдү учурган окуя болду. Өрттөн каза болгон бир тууган кыздардын сөөктөрү жерге берилип, кабырганы кайыштырды. Алардын улуусу 13 жашта болсо, кичүүсүнө 11 ай гана болгон. Албина, Алина, Элина, Сабина, Бакыт. Кечээ эле эч нерседен бейкапар бойтоңдоп ойноп жүргөн балдардын бүгүн минтип сүрөттөрү гана калды. Аттиң арман, тилсиз жоо аларды жети мүнөттө жалмап кетти… Кечээтен бери кыргыз туугандар боордошторго социалдык тармактар аркылуу көңүл айтышууда, армандуу ыр жазышууда…

Ата-энеси кайда болгон?

Астанадагы эки бөлмөлүү жер үйдөгү өрт дүйшөмбүгө караган түнү саат үчтөрдө тутанган. Ал маалда кыздардын ата-энеси жумушта болгон. Атасы унаа оңдоочу жайда, апасы пластик карталарын өндүргөн заводго жаңы гана орношкон. Алар аянты 30 чарчы метрди түзгөн чакан үйдө жашап келишкен. Бийлик эмнегедир бул көп балалуу үй-бүлөнү социалдык турак-жай ала тургандардын тизмесине киргизген эмес.

Жалын тутанган жерге өрт өчүрүүчүлөр жети мүнөттүн ичинде жетип барганына карабастан, кыздарды куткарууга мүмкүн болгон эмес. Алар келгенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин үйдүн чатыры урап түшкөн.

Президент Назарбаевдин билдирүүсү…

Зээнди кейиткен окуяга ким күнөөлүү?

Каргашалуу окуяга байланыштуу Астананын акими Бахыт Султанов дүйшөмбүдө чукул жыйын өткөрүп, бул «Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменттин катасы болгонун» айткан.

Кыздарды акыркы сапарга узатууга келген тургундар «Эмнеге калаа бийлиги көп балалуу үй-бүлөгө социалдык турак-жай берген эмес?» жана «Ата-энелери эмнеге түнкүсүн иштөөгө мажбур болушкан?» деген суроолорду беришүүдө.

Коңшулары кыздардын ата-энеси батир берүү өтүнүчү менен аткаминерлерге бир нече жолу кайрылганын айтып жатышат. Бирок калаа бийлиги үй-бүлө мындай өтүнүч менен эч канча кайрылбаган билдирүүдө. Акимчиликтин басма сөз катчысы Элмира Жургенбаева үй-бүлө чынында эле социалдык турак-жай ала тургандардын тизмесинде жок болгонун ырастады. Анын айтымында, алар көп балалуу үй-бүлө катары катталып, айына 30 доллардын айланасында жөлөк пул алып келишкен. «Бул үй-бүлө жөнүндө аким дагы, социалдык кызматкерлер дагы билишкен эмес. Билсе, мектептегилер эле билишкендир», — деди Жургенбаева.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.