Трамптын “түлөөсүнө” барган Жогорку Кеңештин депутаттары…

Трамптын “түлөөсүнө” барган Жогорку Кеңештин депутаттары…

АКШ Конгресси тарабынан президенттин салттуу сый-тамагы (орусча айтканда, “Молитвенный завтрак”, бизче — “Түлөө”. Сый-тамак иш-чара 1953-жылдан бери уюштурулуп келет – авт.) жыл сайын уюштурулат. Ага  АКШнын президенти, Сенат, Эл өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү жеке чакыруу алгандар катышат. Мындай иш-чарага бизден быйыл беш ЖК депутаты: Улугбек Ормонов, Алмамбет Шыкмаматов, Нурбек Алимбеков, Жылдыз Мусабекова, Абдыбек Дүшалиев чакырылып, барышты. Америкадагы Акүйдүн алдынан түшкөн сүрөттөрүн депутат Жылдыз Мусабекова Фейсбуктагы өздүк баракчасын жайгаштырды. Депутат У.Ормоновго чалып, сый-тамактын шартын жана андагы сүйлөшүүлөр боюнча сурайлы деп чөнтөк телефонуна коңгуроо кылсак, алган жок.

Депутаттардын чыгымын ким төлөйт?

3-февралда Америкага учуп кеткен депуттар кандай критерий менен тандалып барары, алардын чыгымын ким көтөрөрү боюнча ЖКнын басма сөз кызматына кайрылсак, АКШнын өздөрүнүн кандайдыр бир тандоосу бар экенин жана алардын чыгымын өздөрү төлөп берерин билдирди.

Буга чейин кайсы президент жана депутаттар барган?

2002-жылы андагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен барган. 2017-жылы депутаттардан Гүлкан Молдобекова менен Сайдулла Нышанов, ошол жылдагы АКШнын Кыргызстандагы элчиси Кадыр Токтогулов, БУУ өкүлү Миргүл Молдоисаева чакырылган. Ал эми былтыр болсо ЖК депутаттары: Осмонбек Артыкбаев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров барган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.