Салянов боюнча эки ачакей маалымат тарап, кызыктай жагдай түзүлдү…

Салянов боюнча эки ачакей маалымат тарап, кызыктай жагдай түзүлдү…

19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын табышмактуу өлүмүнүн бети беш жылдан бери ачылбай келет. Кылмыш иш кайрадан козголуп, ИИМ менен Башкы прокуратуранын чордонунда, коомчулуктун көңүл борборунда…

5 жыл мурун…

Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан баяндап берсек. Студент Камила Дүйшөбаева 2014-жылы Бишкекте киши колдуу болуп, көз жумганы боюнча айтылып, жазылган. Анда ал 19 гана жашта болчу. Анын жансыз денеси 2014-жылдын 16-мартында Байтик айылындагы мүрзөдөн табылып, муунтулуп өлтүрүлгөнү такталган. Муну иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында атактуу адамдардын да аты аталган. Калыбек Элтуйбасовдун (Саляновдун) да аты аталган. Ал кезде фамилиясы Салянов болгон Калыйбек Элтуйбасов алгач күбө катары суралып, кийин шектүү катары карала баштаган. ИИМ бул иште «тергөөгө каршылык көрсөткөн» деген кине коюп, Элтуйбасовго айып тагып, 2017-жылы ага издөө да жарыялаган.

Аида Салянованын айтымында…

Тууганына чапталган маалыматты экс-депутат Аида Салянова четке кагып, бул кылмыш иши туура эмес тергелип келатканын жана чыныгы өлтүргөн адам алигүнчө табылбай жатканын айтып келет. Бул боюнча ушул жылдын 29-январында журналисттерге жыйын өткөрүп, ИИМ берген маалымат туура эместигин айткан. Андагы билдирүүнү бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

ИИМ: “Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Калыйбек Элтуйбасовдун тийешеси жок”

Деп былтыр ИИМ билдирген. Ал маалымат бу жердеги ШИЛТЕМЕде…

Эки ачакей маалымат

Бул окуя боюнча эми эки ачакей маалымат тарады. Тагырагы, кылмыш ишин иликтеген ИИМ жетекчилиги тараткан билдирүүгө байланыштуу түшүнүксүз жагдай жаралды. 5-февралда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев ММКга жыйын (андагы жыйындыгын толук версиясын бу жердеги ВИДЕОдон көрүп, уксаңыз болот – авт.) өткөрүп, ага анын орун басарлары жана Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИББдин башчылары катышкан. Андагы жыйында журналисттер ушул табышмактуу өлүмгө шектелип жаткан Калыйбек Элтуйбасов боюнча суроо берген. Ага министрдин орун басары Мирлан Каниметов жооп берип, ал “Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси бар” деп шектелген К.Элтуйбасовду АКШдан алып келүүгө сураныч кагазы жөнөтүлгөнүн айткан.

Бул билдирүүдөн эки саат өтпөй, Башкы прокуратура бул сөздү четке кагып, билдирүү тараткан. “Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок болгондуктан АКШнын компетенттүү органдарына аталган жаранды экстрадициялоо боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн эмес. ИИМ Калыйбек Элтуйбасовду экстрадициялоого байланыштуу тиешелүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келбегенин белгилегибиз келет”,-деген башкы көзөмөл органынын өкүлү Жаркынай Азиева. Алардын мындай билдирүүсүнө эртеси, 6-февралда ИИМ жооп кайтарган. Алар прокуратуранын тараткан маалыматын четке кагып, министрлик кылмышка шектүүнү өлкө алып келүү боюнча Интерпол аркылуу аракет кылып жатканын билдиришкен. Ал билдирүүдө: “Калыбек Элтуйбасов 2018-жылы АКШда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн кармалган. Учурда анын иши Миссури штатындагы Сент-Луис шаардык сотунда каралып жатат, жыйынтыгында Элтуйбасов депортация болушу ыктымал. Кыргызстандын ИИМи ал кармалгандан бери Американын укук коргоо органдары менен Интерпол аркылуу тыгыз кызматташып жатат. Мунун натыйжасында АКШ тарап Элтуйбасов Кыргызстанда оор кылмыш үчүн шектелип, эл аралык издөөгө алынганы тууралуу кабардар. Бардык маалыматтар Башкы прокуратурага жиберилген. Аны экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын милдетине кирет, — деп жазылган.

Мына ушундай, окурман! Эми кимисине ишенебиз: Ички иштер министрлигинеби же Башкы прокуратурагабы? Эки үлкөн мекеменин маалыматы эки ачакей чыгып калып, алар коомчулуктун сынына кабылып, социалдык тармактарда кызуу талкууда.

Кандай болгон күндө да, калыс, так тергелип, табышмактуу өлүмдүн бети тезирээк ачылып, жаш кызды өлтүргөн чыныгы адам табылып, ал  мыйзам чегинде жазасын алса экен!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.