Кечээги слесарь — бүгүн төрага…

Кечээги слесарь — бүгүн төрага…

Бүгүн, 8-февралда Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү талаш-тартыш менен жаңы төрага шайлашты. Союзду беш жыл жетектеген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматты өткөрүп берди.

Бул орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, экөө андан баш тартып койду. Эки талапкер (Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тынчтыкбек Нурмамбетов менен Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурлан Калыбеков) ат салышты. Шайлоо жабык добуш менен өтүп, жыйынтыгында Нурлан Калыбеков жеңишке жетти. Ошентип, Жазуучулар союзу 17-төрагалуу болушту.

Нурлан Калыбеков ким?

“Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?” дегендей, Нурлан Калыбеков бүгүн белгилүү акын, болгондо да мыкты акын, мыкты котормочу. Анын алгачкы ыры 1990-жылы “Ленин жолу” гезитине жарыяланган. Ал А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн. “Нур дүйнө” (1995-ж.), Ырлар жана поэма (1999-ж.), “Теңиринсан”( 2004-ж.), “Күнэл” ( 2007-ж. жамааттык жыйнак), “Сыр жарык” (2010-ж.), “Дервиш миров”( 2002-ж.), “Азия, все мы твои дети” (2000-ж. жамааттык жыйнак) китептердин ээси. Анын ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган. Өзү болсо Мукагали Макатаевдин “Үч бакытым” (2000-ж.) жана Магжан Жумабаевдин “Теңир от” (2002-ж.) китептерин кыргызчага которгон.

“Сыйлык — сиздики, сыймык — биздики” дегендей, Нурлан Калыбековдун сыйлыктары менен биз сыймыктанып келебиз. Алсак, ал КРнын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты жана Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктарынын ээси. Жазуучулар союзунун мүчөсү. Союзга төрага болуп келгенче ал чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесин жетектеп келген.

Акындын Аркыты…

Акындын балалык чагы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Аркыт айылында өткөн. 1973-жылы 21-сентябрда жарык дүйнөгө келип, ата-энесин сүйүнткөн. 1988-жылы Аркыт 8 жылдык мектебин, 1990-жылы Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 И.В.Панфилов атындагы орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолу (1990–1992-жж.) “Бишкек почтампта” слесарь оңдоочулуктан башталган. Анан “Кыргызсоодакурулушмонтаж” башкармасында, Кыргызавтомаш заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген.

Жазуучулар союзу качан түптөлгөн?

КРнын Улуттук жазуучулар союзу — Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму. 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган. Буга ВКП(б) БКнын 1932-жылы «Адабий көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү» токтому себеп болгон.

Көркөмдүк деңгээли жогору, элдик философияга ишенимдүү негизделген, нускалык идеяларды камтыган, чыныгы тарыхый жана нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүү, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу, башка адабияттын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүү ж. б. Жогорку башкаруу органы — съезд. Анда башкарма шайланат. Ал төраганы, секретариатты шайлайт, пленумду, съездди чакыра алат. Союздун 1-съезди 1934-жылы, 13-съезди 2004-жылы өткөн.

Союзда поэзия, проза, драматургия, сын жана адабият таануу, балдар адабияты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын ж. б. секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарында бөлүмдөр иштейт. СССР адабий фондусунун кыргыз бөлүмү, көркөм адабиятты жайылтуу бюросу, «Арашан» чыгармачыл үйү союзга караштуу болгон. Убагында “Ала-Тоо”, “Литературный Киргизстан” адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдары, “Кыргызстан маданияты” гезити чыгып турган. Учурда «Жаңы Ала-Тоо» журналы чыгат.

Карагылачы: кандай гана акын-жазуучулар жетектеген!

1.А.Токомбаев (1934—37-ж.ж.);

  1. Т.Үмөталиев (1937—40-ж.ж);
  2. А.Токомбаев менен К.Баялинов (1944—54-жылга чейин алмак-салмак жетектеп турган);
  3. А.Салиев (1954—1960-ж.ж.);
  4. Т.Абдумомунов (1969—1971-ж.ж.);
  5. Т.Аскаров (1971—1986-ж.ж.),
  6. Ч.Айтматов (1986—1991);
  7. А.Жакшылыков (1991—1995-ж.ж.);
  8. Ж.Мавлянов (1995—1996-ж.ж.);
  9. Н.Алымбеков (1996—2004-ж.ж.);
  10. Ж.Садыков (2004—2006-ж.ж.);
  11. А.Өмүрканов (2006—2007-ж.ж.);
  12. О.Султанов (2007—2009);
  13. А.Алымбаев (Баяс Турал) (2009—2011-ж.ж.);
  14. Ч.Абыкеев (2011-2014-ж.ж.).
  15. А.Рыскулов (2014-2019-ж.ж)
  16. Н.Калыбеков (2019-жылдын 8-февралынан тарта)

17-төрагага ийгилик каалайбыз!

Жогорудагы тарыхый инсандардын кимиси кандай иштеп, кандай жетекчи болгону боюнча айтылып, жазылып эле келе жатат. Алсак, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков жетекчилик кылган учурдун уу-чуусу алигүнчө айтылууда. Ал 1991-жылдан 1995-жылга чейин жетектеген. Андан бери 28 жыл өтсө да сөз болуп келет. Ошондуктан, артында сөз калбаш үчүн таза, ак, так иштеши керек. Жаңы эле жетекчи болгон Нурлан Калыбековго ийгилик каалайбыз!

Бүгүнкү шайлоонун жүрүшүн «Азаттык» тарткан тасмадан көрүңүз!

 

Эрзат МЫРЗА

2 thoughts on “Кечээги слесарь — бүгүн төрага…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.