«Любовь и голуби» киносундагы белгилүү актер көз жумду

«Любовь и голуби» киносундагы белгилүү актер көз жумду

Орусиянын эл артисти Сергей Юрский 83 жашында Москвада дүйнө салды. Журналисттер өткөн жылдын декабрында актер катуу ооруп, ооруканага түшкөнүн жазышкан. Мындай кабарды кызы да тастыктап, атасы узакка ооруганын айткан. Юрскийдин сөөгү качан, каерге коюлары азырынча айтыла элек. Актердун өмүр баянынын кыскача баяндай кетсек, ал төмөндөгүдөй.

Балалык чагы

Белгилүү актер С.Юрский чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын талантына ата-энесинин таасири тийген. Апасы музыка сабагынан сабак берсе, атасы актер, режиссер болгон. Атасы Москвадагы белгилүү цирктин биринде режиссер болуп эмгектенген. Анын балалык чагынын көбү цирктеги көшөгө артында өткөн. Ошондон улам, ал келечекте цирктеги актер болууну кыялданган. Ал мектепте жакшы окуган, аны алтын медаль менен аяктаган. Ленинграддагы ЖОЖдун юрфагына тапшырып, окуп, 3-курска барганда андан айтып, өзүнүн каалаган кесибине (театрга) которулган.

Үй-бүлөсү

Артист эки жолу турмуш курган. Биринчи жубайы — Зинаида Шарко, аны менен жети жыл жашаган. Экөөнүн ортосунда бала болгон эмес. Экинчи өмүрлүк жары — актриса Наталья Тенякова. Аны менен өмүрүнүн аягына чейин жашады. Алардын бир кызы болгон, Дарья Юрская. Андан Гоша аттуу небереси бар.

Чыгармачылыгы    

Юрский 50дөн ашык белгилүү тасмага тартылган. Алсак, «Республика ШКИД», «Золотой теленок», «Место встречи изменить нельзя», «Любовь и голуби», «Полторы комнаты, или Сентиментальное путешествие на родину» жана башкалар.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.